Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:32

Европа Шериктештиги Тажикстанга 12 миллион евро берет


ДУШАНБЕ. Европа Шериктештиги Тажикстандын Өзбекстан менен чек араларын жер миналарынан тазалоо үчүн 12 миллион евро бергени жатат. Еврошаркеттин чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Пер Бликс Кнудсендин кечээ билдиргенине караганда, чек ара тилкелерин миналардан тазалоо планы бекитилди. Бирок тажик президентинин жардамчысы Файзулло Холбобоев Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда орток келишим жетишилбегенге байланыштуу, өлкө чек ара тилкесин миналардан бир тараптуу тазалай турганын билдирди. Өзбекстан чек араны миналап салган 2001-жылдан бери 70ке жакын карапайым киши минага жарылып өлдү. Өлгөндөрдүн арасында балдар менен аялдар да бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG