Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:24

АКШнын президенти Жапониянын өкмөт башчысы менен жолугушту


ТОКИО. АКШнын президенти Жорж Буш Жапониянын премьер-министри Юнитиро Коидзуми менен жолугушуп, Ирак жана Түндүк Корея маселесин талкуулады. Америкалык президент Жапониянын Ирактын экономикасын калыбына келтирүү үчүн 2004-жылы бир жарым миллиард доллар акчалай жардам берүү демилгесин кубаттады. Коидзуми Жапония Иракка бейпилдик аскерлерин жиберүү маселесин дагы эле талкуулап жаткандыгын билдирди. Эки жетекчинин ошондой эле экономика маселелерин, анын катарында, Жапониянын улуттук акча бирдиги йенди күчтөндүрүү темасын талкуулашы пландаштырылган болчу. АКШнын өндүрүүчөлөрү йендин чабал болгону алардын конкуренттүүлүгүнө зыян келтирип жатканын айтышат. Бирок Жапония йенди күчтөндүрүүгө каршы. Йендин күчтүү болуусу Жапониянын экспортун кымбаттатууда. Токио - Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырып жүргөн Америка президентинин биринчи аялдамасы. Буш ошондой эле Филиппиндер, Тайланд, Сингапур, Индонезиянын Бали аралы менен Австралияга барат.

XS
SM
MD
LG