Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ысыккөл облусунда болду


КАРАКОЛ. Бүгүн билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурованын коштоосунда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Жан Эн Мен Ысыккөл облусунун Каракол шаарына келди. Ал шаардагы № 4-мектеп-гимназиядагы жолугушуу учурунда бул гимназиянын окуу программасына кытай тилинин киргизилишин кубаттап, бул саамалыктарды кыргыз-кытай достугунун бекемделиши катары баалады. Элчинин катышуусунда Ысыккөл мамлекеттик университетинде кытай тили боюнча ресурстук борбордун ачылыш аземи болду. Жан Эн Мен Ысыккөл облустук драма театрында жазуучу жана котормочу Аман Саспаевдин «Кытай-кыргыз сөздүгүнүн» ачылыш аземине да катышты. Эки элдин ортосундагы достук байланыштарга көпүрө болгон тилдин өзгөчөлүгү тууралуу жылуу каалоо-тилектер айтылды. Иш-чаранын соңунда элчи мырза сөздүктүн автору Аман Саспаевге 50000 сом, ал эми университеттин ректору Мустафа Кидибаев - эки бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырышты.

XS
SM
MD
LG