Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:17

Кыргызстанда сатылуучу тамекиден баасына жараша акциз салыгы алынмак болду


БИШКЕК. Премьер-министр Николай Танаевдин бүгүнкү токтомуна ылайык 2003-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстанда сатылуучу тамекиге акциз салыгынын өлчөмү өзгөртүлөт. Каржы министринин орун басары Мурат Исмаиловдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, өкмөттүн токтомуна ылайык өлкөдө сатылган тамекинин түрлөрүнөн баасына жараша салык алынат. Чыпкасы жок тамекинин 1000 даанасынан 10 сом, баасы 10 сомго чейинки чыпкалуу тамекиден 15 сом, 16 сомдон 24 сомго чейинки баадагы тамекиден 70 сом, андан кымбат турган тамекиден 170 сом жана эң кымбат тамекиден 270 сом акциз салыгы алынат. Мурат Исмаиловдун айтымында, салыкты минтип өзгөртүүдөн, алдын-ала эсептөө боюнча, өлкөнүн бюджетине жыл сайын 11 млн. сом пайда түшөт.

XS
SM
MD
LG