Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Кыргызстанда салык саясаты боюнча коомдук кеңеш түзүү тууралуу демилге көтөрүлдү


БИШКЕК. Кыргызстандын Каржы министрлигинин алдында өлкөдөгү салык саясаты боюнча коомдук кеңеш түзүү зарыл. Кечээ Бишкекте өкмөт мүчөлөрү, президенттик администрациянын жана ишкерлердин өкүлдөрү катышкан «тегерек стол» жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Коомдук кеңештин курамына бийлик органдарынын, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү жана эркин экономист-бухгалтерлер кириши күтүлөт. Алар өлкөдөгү салык саясаты жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча планды иштеп чыгып, өкмөткө сунуш кылышат. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйынында «Ниет-Аракет» финансы-консалтинг компаниясынын жетекчиси Нурбек Элебаев маалымдады. Анын айтымында, «тегерек столдун» катышуучуларынын мындай демилгеси кыргыз өкмөтүнө сунушталды. Коомдук кеңешти түзүү өкмөттүн макулдугуна байланыштуу болот.

XS
SM
MD
LG