Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

«”Аргументы и факты” в Кыргызстане» гезити беш сомго айыпка жыгылды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук гвардиянын колбашчысы Абдыгул Чотбаевге жана ««Аргументы и факты» в Кыргызстане» гезитине каршы «Арнамыс» партиясынын доо арызын карап, доогерлердин талабын жарым-жартылай канааттандырды. Сот жараянынын жүрүшүндө басылманын өкүлдөрү «гезитте туура эмес маалымат басылган» деп, кетирген күнөөсүн толук мойнуна алышты. Буга байланыштуу сот ишин караган судья Мадина Давлетбаева гезиттин жамаатын «Арнамыс» партиясынан гезит аркылуу кечирим суроого жана моралдык чыгым үчүн беш сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды.
««Аргументы и факты» в Кыргызстане» гезитинин быйыл 23-апрелде чыккан санында А. Чотбаевдин маеги жарыяланган. Материалда анын атынан ««Арнамыс» партиясы чет өлкөдөн алган акчасын актоого аракет кылууда» деген сөздөр жазылган. Ага нааразы болгон «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү «Абдыгул Чотбаев жалган маалымат таратты» деп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна арыз жолдошкон. Алар моралдык чыгым үчүн А. Чотбаевден 5 млн. сом, ал эми гезиттен 5 сом өндүрүп берүүнү талап кылышкан. Сот жараяны адеп башталганда эле А. Чотбаев «партия тууралуу андай пикир айткан эмесмин» деп билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG