Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Кыргыз атуулун атып өлтүргөн өзбек жоокери акталганына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты


БИШКЕК. Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү быйыл 16-июлда кыргыз-өзбек чек арасында өзбек жоокеринин кыргызстандык атуулду атып өлтүргөнү боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүүнү жакында аяктаган. Натыйжада «өзбекстандык атуулдун аракетинде кылмыш иши жок» деген негизде өзбек жоокерин актаган өкүм чыгарылган. Ал тургай өзбек тарап бул окуяга тиешеси бар кыргыз атуулдарына каршы кылмыш ишин козгогон. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты. Анда өзбек тараптын бул кылмыш ишин бир тараптуу иликтегендиги баса белгиленип, окуяны адилеттүү иликтөө максатында эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүү сунуш кылынган.
Быйыл 16-июлда Ош облусунун Карасуу шаарынын жанындагы кыргыз-өзбек чек арасында өзбек жоокери кыргызстандык Адылжан Үркүнбаев аттуу жигитти атып өлтүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG