Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:38

КЫРГЫЗСТАНДА ДИНДЕРДИН ОРДУ КАНДАЙ?


Бурулкан Сарыгулова, Чолпон Орозобекова, Кабыл Макеш, Бишкек Бул жолку түрмөгүбүздүн негизин эгемендүүлүк жылдары диндердин турмушта орун алышы, ага байланышкан оош-кыйыштардын айланасындагы ойлор, пикирлер, маалыматтар түзөт. Ушуга байланыштуу биз берүүбүзгө ар кыл кесиптеги, ар улуттагы атуулдарды, адистерди, талдоочуларды катыштырууга аракет кылдык. Мындан тышкары, Бишкектеги кабарчыларыбыз Чолпон Орозобекова менен Кабыл Макеш да өздөрүнүн иликтөөлөрүн сунушташты. Берүүнү алып барган - Бурулкан Турдубек кызы.

Бурулкан Сарыгулова:
Кыргызстанда бүгүн дүйнөдөгү диндердин жана алардан тараган агымдардын 260тай өкүлчүлүгү каттоодо турат. Эсептик каттоолорду мыйзамга ылайык Дин иштери боюнча мамлекттик комиссия жүргүзөт. Ошондуктан, көтөрүлүп жаткан маселенин айланасындагы айрым суроолорго жооп алыш үчүн комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсуповго суроолор менен кайрылдык.

- Өмүрзак мырза, өлкөдө дин иштери кайсы мыйзамдардын жетегинде жүргүзүлөт? Буга чейин жаңы мыйзам долбоору иштелип жүрдү эле, анын тагдыры эмне болуп атат?

- «Дин тутуу жана дин уюмдары жөнүндө» 1991-жылы кабыл алынган мыйзам бар. 1996-жылы ушул мыйзамды ишке ашырыш үчүн президент жардык чыгарган. Негизги нормативдик документтер – ушул экөө. Калганы Конституцияда көрсөтүлгөн нормаларга ылайык иштеп, дагы башка адам укуктарына тиешелүү көптөгөн мыйзамдардан пайдаланып жүрүшөт. Бирок, демократиялуу мыйзам болгонуна карабастан, кээ бир беренелеринде чечмеленбеген пункттар бар. Мүчүлүштүктөрдү эске алып, 1990-жылдардын акырынан бери Мыйзам чыгаруу жыйынында депутаттардын демилгеси менен иштелип, бир чоң мыйзамдын долбоору жатат. Ал долбоорго биз өз оюбузду бергенбиз. Суперлибералдуу долбоор десек болот. Эми биздин коом канчалык деңгээлде даяр, аны да көрө жатарбыз.

- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкмөттүн карамагында болушун натуура санаган тараптар да бар. Буга көз карашыңыз кандай?

- Бул эми өкмөттүн укугундагы иш. Бирок, менимче бул уюм өкмөттүк эмес, өзүнчө уюм катары иштеши мүмкүн эмес. Анткени ал мамлекет менен дин уюмдарынын ортосундагы мамилени, мамлекеттик саясатты жүргүзүп туруш үчүн керек деп ойлойм.

- Диндердин азыр өз ара алакалары кандай?

- Кыргызстандагы дин уюмдарынын ортосунда стабилдүүлүк бар. Жакынкы арада деле карама-каршылык болбойт деп ойлойбуз. Бирок карама-каршылыкты жаратуу аракеттери бар. Негизинен Конституцияга каршы жашыруун иштеп аткан «Хизб ут-Тахрир-ал–Ислами» өңдүү, дагы башка секталар бар. Буга байланыштуу алар менен сүйлөшүү, иштерин талдоо, коомчулуктун пикирлерин угуу, жалпылоо иштери жүргүзүлүп атат.

- Коомчулукта «эки-үч уюм туура эмес катталган» деген пикирлер айтылып жүрөт. Бул Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын катачылыгыбы же башка себептер барбы? Сиз муну кандай баалайсыз?

- Мындай сын-пикирлер көп. Бул үч уюм деле дүйнөдө иш жүргүзүп жаткан уюмдардын катарына кирет - «Ахмади» коому деле, «Универсалдык чиркөө» деле, «Саентологиялык чиркөө» деле. Эми биздин мыйзамдагы «Багыты кандай?» деген суроого «Универсалдык чиркөө», дагы башка бир топ уюмдар жооп берген эмес. Бизге Башкы прокуратура «ушул жагын туура эмес кылгансыңар» деген негиз менен алардын ишин убактылуу токтотту. Ал эми «Ахмадия» коомун же «Саентология чиркөөсүн» каттоодо өкмөттүк комиссияда эч кандай ката жок. Алардын да укугу бар. Ал жерде да биздин атуулдар бар. Аларды кескин эле бар же жок деп коюш, менимче, туура эмес болот.

- Өмүрзак мырза, дагы бир маселе. Азыр эми Кыргызстан көп улуттуу эле өлкө эмес, көп диндүү өлкө катары да өнүгүп жатат. Бул факт. Ушул жагдайды эске алганда азыр илимий-агартуучулук иштер кандай жолго коюлуп атат?

- Көптөгөн университеттер теология факультеттерин ачышты. Дин таануу кафедралары ачылды. Илимий изилдөөлөр азыр көбөйүп, үч-төрт жылдын ичинде дин таануу боюнча илимдин жүздөгөн кандидаттары, докторлору пайда болот деген ишенимдебиз. Себеби, азыр ошондой изилдөөлөр пайда болууда. Азыр эл аралык симпозиумдарда дагы Кыргызстандагы изилдөөөргө таянган маалыматтар чыга баштады.

- Анда маегиңиз үчүн рахмат. Ишиңизге ийгилик каалайм.

- Кызыкканыңыздар үчүн сиздерге да рахмат.

Уктуруубузду улантабыз. Коомчулукта диний экстремизмге байланыштуу ар кыл түкшүмөлдөр жашап келатат. Бул адатта, «Хизб ут-Тахрир», «Өзбекстан ислам кыймылы» менен байланыштырылат. «Хизбуттахрирчилердин» саны өлкөдө 3 миң чамалаш деген да пикирлер бар. Бул теманын айланасында кабарчыбыз Чолпон Орозобекова иликтөө жүргүздү эле. Анда Чолпон, кезекти сизге узатайын.

Чолпон Орозобекова:
- Рахмат. Соңку жылдары айрыкча түштүк дубандарда бул уюмдар аябай активдешти. Мисалы, Жалалабадда «Хизб ут-Тахрир» партиясынын Ислам халифатын орнотууга чакырган баракчалары Ленин жана Барпы сейилбактарында, борбордук көчөлөрдө илингени кадыресе көрүнүш болуп баратат. Дегеле биздин өлкөдөгү диний экстремизм коркунучунун реалдуу экенин 1999-жана 2000-жылдары кайталанган Баткен окуясы да айгинелеп койгондой болду. Анын үстүнө «Ирактагы согуш мындай экстремисттик топтордун ишмердигин ого бетер активдештирди» деген да ойлор айтылып жүрөт. Мисалы, тышкы иштер министри Аскар Айтматов АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитэж менен жолугушканда «көңүлдүн борборунда Ирак болуп калгандан кийин диний экстремисттик топтор баш көтөрдү» деп билдирген. Бирок «Ирак согушу тетирисинче, алардын мурдараак байкалган активдүү ишмердигин солгундатты» деген ойлор да бар. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын адиси Алмаз Канаевдин пикиринде, Ирак согушунан кийин мындай диний топтор дымып калгансыйт.

- Ирак согушу жана анын тегерегиндеги кырдаал таасир берди окшойт. Балким чет мамлекеттерден келген каражат азайгандыр. Акыр «Хизб ут-Тахрирдин» финансылык акыбалы начарлай түштү окшойт. Эмнегедир соңку кезде ишмердиги анча жанданбай, бир калыпта боло түштү, - дейт Алмаз Канаев.

Мындай топтордон мурда эле, медреселер менен мечиттердин ачылышын мамлекет үчүн коркунучтуу деп эсептеген да ойлор бар. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов жаштардын өтө динчил болуп баратканына тынчсызданат.

- Азыр мамлекеттик идеология деген жок. Анан ошол боштуктун ордуна диний агрессивдүү пропаганда келип атканын байкабай атканыбыз өкүнүчтүү. Чет жактан келген арабдар жайнатып медреселер менен мечиттерди куруп атат. Биз бечара болсо ачка отуруп, аркасын ойлобой, арабдардын акчасына сүйүнүп отурабыз, - дейт Кубатбек Байболов.

Бирок «диний коркунуч бар» деген пикирлер басымдуулук кылган менен, мындай коркунучту жокко чыгаргандар да бар. «Акыл-эс, Рух жана Ыйман» коомдук бирикмесинин президенти Дүйшөн ажы Абдылдаев «Кыргызстанда эч кандай диний экстремизм коркунучу жок» деп эсептейт. Анын оюнда, Кыргызстанда ага жол бербей турган факторлор арбын, андыктан тынчсызданууга негиз жок.

Азыр Кыргызстандын тартип коргоо органдары жана Улуттук коопсуздук кызматы Бишкектин «Оберон» базарындагы жана «Бакай» банкынын Оштогу бөлүмүндөгү жардырууларды «Хизб ут-Тахрир» жана «Өзбекстан ислам кыймылы» өңдүү уюмдардын абийирине коет. Ошондой эле мамлекеттик коопсуздукка коркунучтуу уюм катары санап, анын мүчөлөрүн камап, акчалай айыпка жыгуу улантылууда. Бирок «бул жол менен диний экстремизмдин коркунучун азайта албайбыз» деген да пикирлер бар. Ушул жазда кыргыз өкмөтү Ош дубанында жыйын өткөрүп, калк арасында мындай уюмдардын коркунучтуулугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү бийлик органдарынын алдына милдет кылып койгон.

Бурулкан Сарыгулова:
- Рахмат, Чолпон. Каттоодо турган диний уюмдардын 219 дүйнөдөгү жаңы пайда болгон агымдардын өкүлчүлүктөрү экен. Алардын ичинде протестанттык агымдагы кыргыз тилдүү чиркөөлөр да бар. Айрым булактарда «бул чиркөөлөргө сыйынган кыргыз атуулдарынын саны 15 миңге чамалаш» деп айтылып жүрөт. Биз кыргыз тилдүү калкты кайдыгер калтырбаган бул маселеге байланыштуу тартип коргоо оргадарынын жетекчилеринин көз караштарына да кызыгып көрдүк. Алардын бири, ички иштер министринин орун басары Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикири мындай:

- Албетте, өзүбүз мусулман болгондон кийин мусулманчылыкты колдойбуз. Башка адамдар жөнүндө болсо, алар өздөрү ишенген динин сактагысы, ошону менен жашагысы келсе, ага тыюу салганга укугубуз жок да. Негизи, ар бир адам өзүнүн динине ишенсин, бирок, мыйзам тарабынан коюлган талаптарды аткарсын. Мыйзамдын чегинен чыкпасын. Эң негизги суроо-талабыбыз ушу.

Бирок, ислам динин туткан жергиликтүү калк кыргыздардын башка динге өтүшүн анча колдобойт. «Каражат берип, азгырып атат» деген пикирлер көп айтылып жүрөт. Иисус Христ чиркөөсүндөгү кыргыз христиандарынын башын кошкон «Иса» чиркөөсүнүн пастору Исламбек Каратаев мындай божомолдорду биз менен болгон маегинде таптакыр жокко чыгарып, христианды кабыл алуунун башка себебин айтты.

- Финансылык ар кыл проблемаларга, карызга, жакырчылыкка кирептер болгондор келишет, - дейт Исламбек Каратаев. - Бул жерде болсо аларга каражатка туура мамиле кылуу боюнча Кудайдын айткандары окулат. Сыйынуунун натыйжасында адамдарда ишеним пайда болот, карыздар жеңилдейт, ишке орношушат. Ошондуктан, Кудайдын тирүү экенине ишенип келишет. Ал эми «акча берип азгырып атат» деген туура эмес. Ооба, биз кайрымдуулук акцияларын жасайбыз. Бирок, ал дегеле башка динден адамдарды азгыруу максатын көздөбөйт.

Жергиликтүү калктын өлкөдөгү диндерге мамилеси кандай? Кабарчыбыз Кабыл Макеш ушул суроого жооп издеп, айрым атуулдарга кайрылган эле. Сиздерге азыр ошол сурамжылоолордун айрым бөлүгүн сунуштайбыз.

Манас Мамытбеков (айдоочу):
- Кыргызстанда көп дин болуп кетти. Кайсынысына ишенээрибизди дагы билбей калдык. Кыргыз болгондон кийин өз динибизди эле кармансак дурус болот деп эсептеймин.

Эсенбек Сулайманов, жеке ишкер:
- Чынында кыргыз болуп, мусулманчылыкты карманып жүргөндөр өз динибизди, дилибизди сатпасак.

Айдаралиев Жаныш, дыйкан чарбасында иштейт:
- Кыргызстанда канча дин бар экендигин чынында билбейм. Көп диндин пайдасы деле жок деп ойлойм. Кыргызстанда ислам, анан орустардын дини болсо эле жетиштүү болмок.

Абдырасулов Шүкүрбек, “Агропресс” гезитинде кабарчы болуп иштейт:
- Бизди Советтик система атеист кылып тарбиялап койгон да. Коммунист болгондуктан дин менен ишим деле болгон жок.

Сайпидин Нурдинович, пенсионер:
- Ислам динине гана ишенем.

Айнура Алиева, студент:
- Ар кандай диндик секталарды ачып алышып, алардын жол-жобосун, окуусун үйрөтпөй, башка идеяларды таңуулап, жаштарды жолдон адаштырып, бузуп жатышат.

Сталбек Нурманбет уулу:
- Көп диндүүлүк калк ичинде карама-каршылыкты туудуруп, эл ичинде жарака кетириши мүмкүн. Азыркы кыйынчылыктан, жакырчылыктан пайдаланып, акчасы көп диндик секталар шаар четиндеги жаңы конуштардагы кыргыз жаштарын да азгырып, алдап, өз ишенимине киргизип жатышат. Ошол аймактарда чыр чыгып кетүү коркунучу дагы бар. Мусулманчылыктын дагы жол-жобосун түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек деп ойлойм.

Динара Тынаева, Арабаев атындагы университетте окуйт:
- Көп диндүүлүктү жактабайм. Анын пайдасы деле жок эч кимге.

Шихов Борис:
- Мен атеистмин. Мен кандайдыр-бир секта жөнүндө угуп жүрөм. Менимче, аты “Хизб ут-Тахрир” болушу керек. Бирок, мен буга ишенбейм.

Людмила Дмитриевна, пенсионер:
- Бизге бир кыз келет. Ал Иегово күбөлөрүнөн. Менин абышкам шал оорусуна кабылган. Биз ошол кыз алып келген китептерди окуйбуз. Абдан сабаттуу. Дегинкиси мен Кудайга гана ишенем. Секталарга көңүлүм чаппайт. Бирок, китептери керемет.

Бурулкан Сарыгулова:
- Кабарчыбыз Кабыл Макеш эл арасынан чогулткан пикирлер мына ушундай ар кыл. Жалпысынан Кыргызстанда диндерди жана диний агымдарды, алардын оң-терс таасирлерин, келечегин тыкыр иликтеген илимий эмгектер пайда боло элек. Албетте, бул келечектин иши. Ал эми биз кепке тарткан Славян университетинин дин таануу кафедрасынын башчысы Александр Альянчиковдун пикиринде, Кыргызстандагы көп диндүүлүк тынчсызданууга негиз бербей турган кадыресе көрүнүш.

- Бир эле өңүттү карабашыбыз керек. Бизде араб исламы, Орусиянын православ ишеними, Израил идеясы, Кытайдын Буддасы жок. Биздин калктын 99 пайызы табигый диндерге жакын. Ал эми секталардын таасири жок, алардын ар биринде ашып кетсе 50-100дөн киши бар. Бул жагынан биз реалдуу баалаганга караганда көбүрөөк ызы-чуу кылып жүрөбүз, - дейт Александр Алянчиков.

Анын пикиринде, кыргызстандыктардын 99% христианчылыкка да, исламга да эмес, Кудайга ишенишет. Анан барып ошол ишенимди каада-салттардын алкагына салышат. Бул жагынан алганда дүйнө жүзүндө бир да жерде Кыргызстандагыдай «элдик ислам» деген термин жок. Окумуштуунун пикири мына ушундай. Кадырлуу угармандар, сиздер «Коом жана турмуш» маалымат-аналитикалык түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышын уктуңуздар. Уктуруубуз дин темасына арналды. Берүүнү Бишкек студиясында мен, Бурулкан Турдубек кызы, алып чыктым. Саламатта калыңыздар.
XS
SM
MD
LG