Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:21

Иракка дүйнөлүк коомчулуктун финансылык жана аскери колдоосу керек


Муну бүгүн президент Буш кайрадан ырастады. Өкүлдөр палатасы менен сенат Ирактагы жана Ооганстандагы аскерий-экономикалык программаларга 87 миллиард доллар акча бөлүүнү сураган президенттин өтүнүч-талабын кечээ колдогон эле. Эмдиги аптада Испанияда Иракка жардам көрсөтүүнү каалаган донорлордун конференциясы ачылат. Бүгүн Түштүк Кореянын өкмөтү Иракка кошумча аскер контингентин жөнөткөнү жатканын билдирди. Япония болсо бир жарым миллиард доллар каражат ажыратарын кечээ дагы бир жолу ырастаган эле. Ал эми Франция, Германия жана Россия Иракты өнүктүрүү фондусуна акча бөлүүдөн баш тартышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG