Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Филиппинде болду


Манилада парламентте сөз сүйлөп, Буш терроризмге каршы күрөштөгү эки өлкөнүн кызматташтыгын чоң канааттануу менен белгиледи. Азиядагы, жалпы дүйнөдөгү бардык элдер эки жолдун бирин тандап алууга тийиш, деп айтты Буш өз сөзүндө. Террорчуларга жан тарткан өлкөлөрдү Буш цивилизацияга каршы согушкандар,ал эми террордун коркунучун капарга албагандарды өзүн-өзү алдап жаткандар катары сыпаттады. Террорчулукка каршы күрөштө Вашингтон Манилага финансылык жана техникалык жардам көрсөткөнгө даяр экенин ырастап, америкалык президент эки өлкөнүн аскери алянсын региондогу стабилдүүлүктүн негизги фактору деп мүнөздөдү. Буш Манилада өлкөнүн президенти Глория Арройо менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, терроризм проблемасын, ошондой эле өз ара соода-сатыктын маселелерин талкуулады. Буштун визити маалында Манилада антиамерикалык демонстрация болуп өттү. Ушул эле күнү Буш Таиландга келип түштү.

XS
SM
MD
LG