Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:24

Израил премьер-министри төрага Арафатты кууп чыгууга каршы болууда


Израилдин премьер-министри Ариел Шарон кечээ күнкү "Жерузалим пост" гезитинде макала жарыялап, Палестина жетекчиси Ясир Арафатты аймактан кууп чыгуу Израилге пайда алып келбейт деп билдирди. Сентябрда Израил өкмөтү Арафатты кууп чыгуу керек деген чечим кабыл алган. Малайзияда өтүп жаткан Ислам Конференциясы уюму 17-октябрда кабыл алган коммюникеде болсо басылып алынган араб жерлерин Израил бошотпой жаткандыгы сынга алынды жана Арафатка колдоо көрсөтүлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG