Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

КОММУНИСТТЕР ПАРЛАМЕНТТЕ АЗЫРКЫДАН ЭКИ ЭСЕ КӨП ОРУН АЛУУНУ КААЛАШАТ


18-октябрда Кыргызстан Коммунисттери партиясы кезектеги ХVIII отчеттук-кайра шайлоо курултайын өткөрдү. Ага жер-жерлерден 117 делегат жана Жогорку Кеңештин «Коммунисттер» фракциясы толук курамында катышты. Партиянын парламенттик, президенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн алдында аткара турган иш багыттары белгиленди. Ошондой эле Борбордук аткаруу комитетинин курамы жаңыланды.

Партия жетекчиси Апсамат Масалиев өзүнүн отчеттук докладында айткандай, коммунисттик партиянын таламдарын Парламентте коргоо үчүн азыркы депутаттардын саны жетишсиз. Ошондуктан, келээрки парламентке келүүчү 75 депутаттын 15-20сы коммунист болушу керек. Коммунисттер шайлоо комиссиялары жана ырасмий бийлик тарабынан тоскоолдуктар эле болбосо мындай ийгиликке жетээрине бекем ишенишет. «Бирок, ал үчүн жер-жерлерде иштеп жаткан баштапкы уюмдардын ишин жандандыруу керек», дешет курултай катышуучулары.

Партиянын баш катчысы, депутат Апсамат Масалиев болсо азыр иш жетиштүү деңгээлде жүрбөй атат деген ойдо:

- Баштапкы уюмдарды, шаардык, райондук облустук партиялык уюмдарды кичине жандандырып, алардын багыттарын аныктап, күчөтсөк, биз алдыга койгон жанагы милдет чечимдерди аткарабыз. Аз-аз жылыш болуп атат, бирок, биз каалагандай болбой атат.

Курултайда белгилүү болгон маалыматтарга караганда, азыр өлкөнүн бардык региондорунда партиянын баштапкы уюмдары бар. Ал эми жакында Нарын шаардык жана райондук партиялык уюмдары жаңыдан түзүлдү.

Апсамат Масалиев жетектеген Кыргызстан коммунисттери партиясы 1992-жылы түзүлүп, 2001-жылы кайра каттоодон өткөн. Аны байкоочулар Кыргызстандагы таасирдүү партиялардын катарына кошуп жүрүшөт. Бирок, партиянын канча мүчөсү бар экени тууралуу так маалымат жок. Коммунисттер болсо «20 миң чамалаш мүчөбүз бар» деп айтышат. Парламенттин мыйзам чыгаруу жыйынында азыр партиялык тизме менен жана бир мандаттуу шайлоо округдары аркылуу шайланып келген жети депутат бар. Алар бир фракцияга биригишкен.

Коммунисттер өз партиясын Кыргызстанда эмгекчи элдердин кызыкчылыгын коргогон жалгыз саясий уюм катары санашат. Апсамат Масалиев мындан төрт жыл мурда бөлүнүп кеткен Клара Ажибекованын Коммунисттер партиясын аты бар, заты жок уюм катары көрөт. Ал эми Клара Ажибекова болсо тескерисинче, Кыргызстан коммунистери партиясы коммунисттик идеялардан тайып кеткенин, ошол үчүн бөлүнүп-жарылуулар болгонун белгилеп, ал үчүн Апсамат Масалиевди күнөөлөйт. Эки идеялаш партиянын ымаласы жок болгону менен, Масалиев жетектеген партия парламенттик жана президенттик шайлоонун алдында башка партиялар менен жакындан кызматташууну эп көрүүдө.

- Азыр эки-үч партия биз менен жакындашып иш жүргүзүп атат. Алар – «Атамекен» партиясы, «Жаңы Кыргызстан» партиясы. Анан Социал-демократтар да бизге анча-мынча жакын, - деди Апсамат Масалиев.

«Атамекен» социалисттик партиясынын башчысы, депутат Өмүрбек Текебаев болсо мындай пикирди тастыктаганы менен, азырынча, бир уюм катары биригүүгө негиз жоктугун айтат.

- Парламенттик, президенттик шайлоо алдында чогуу иштеп, ымалалашып, блок түзүшүбүз мүмкүн. Бирок, азырынча, бир уюмга биригүү тууралуу сөз болбошу керек. Анткени, идеологиялык айырмачылык бар.

Партиянын катарын жаштар менен толуктоо курултайда каралган негизги бир маселе болду. Коомчулукта бул саясий уюм улуу муундун партиясы катары сыпатталат. Ал эми курултайда жарыш сөзгө чыккандардын айтымында, партиянын катарын жаштар толуктап жатат. «Азыркы кирип аткан жаштардын саны биздин талапка туура келбейт, ошондуктан, келечекте эмгекчилердин таламын талашкыдай саясатчыларды тарбиялашыбыз керек» дешет коммунист депутаттар.

Курултайда ошондой эле партиянын «Кыргызстан акыйкаты» аттуу орус, кыргыз тилдүү гезитинин ишин жандандыруу, мурдагы союздук республикалардын компартиялары менен карым-катышты күчөтүү маселесине да көңүл буруу тууралуу айтылды.

Курултай Компартиянын жетекчи курамын мурдагы калыбында калтыруу тууралуу чечимге келди. Болгону Борбордук аткаруу комитетинин курамы кеңейтилди. Анын тутумуна Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты, партиянын Нарын облусу боюнча координатору Ишенбай Кадырбеков, партиянын Нарын шаардык, райондук деңгээлдеги үч жетекчиси кирди. Борбордук аткаруу комитетинин курамы 71 адамга жетти. Алардын катарында Жогорку Кеңештин жети коммунист депутаты, облустук, райондук аткаруу комитетинин жетекчилери бар.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG