Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Айылдык кеңеш кызматынын өкүлдөрү республиканы кыдырышууда


БИШКЕК. Кыргыз-Швейцариялык «Хелвитас» агрардык программасынын алкагында республиканын бардык аймактарында түзүлгөн Айылдык кеңеш кызматынын өкүлдөрү облустарды кыдыра башташты. Облустарды кыдыруу учурунда Айылдык кеңеш кызматынын өкүлдөрү быйыл айыл-чарбасындагы мыкты деп аныкталган табылгаларды фермерлерге, дыйкандарга тааныштырат. 1999-жылы түзүлгөн Айылдык кеңеш кызматы Кыргызстандын айыл туругундарынын суроо-талаптарына жараша дыйканчылык, мал чарбасы, механизация, маркетинг, экономика жана чарбаны башкаруу багыттары боюнча кеп-кеңештерди берет.
Айылдык кеңеш кызматынын кеңселери Кыргызстандын 7 облусунда жана 39 районунда иштейт. Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги тарабынан 2002-2004-жылдар аралыгында Кыргызстандын айыл-чарба тармагын өнүктүрүү программаларына 4 млн. АКШ доллары бөлүнгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG