Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:33

Акыйкат башкаруу кеңешинин жумушчу органы түзүлдү


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин жумушчу органын түзүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу ишемби күнү президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жарлыкка ылайык Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңешке эки аптанын ичинде жумушчу органдын иш тартибин аныктоо, органды каржылоо маселесин чечүү жана анын жетекчисине талапкерди мамлекет башчысына сунуштоо тапшырылды. Кыргыз өкмөтүнө болсо жаңы түзүлүп жаткан органды уюштурууга ар тараптан көмөктөшүү иши милдеттендирилди. Жарлыктын аткарылышын Президенттик админстрациянын Коргонуу жана коопсуздук бөлүмү көзөмөлдөйт.
Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңеш үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде түзүлгөн. Кеңештин төрагасы өкмөт башчысы Николай Танаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG