Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Кыргызстандын тышкы карызы көбөйүүдө


БИШКЕК. 2003-жылдын 1-сентябрына карата Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 1 млрд. 823 млн. долларды түздү. Ошол эле убакта өлкө тыштан карыз алуусун улантууда. Алсак, 2004-жылы Кыргызстан АКШдан 53 млн. доллар кредит жана 20 млн. доллар грант алмакчы. Кыргызстандын тышкы карызын жан башына бөлгөндө анын өлчөмү жыл өткөн сайын жогорулоодо. Маселен, 1993-жылы тышкы карызды өлкөдөгү ар бир атуулга бөлгөндө 53 доллардан айланса, 1995-жылы 108 доллар, 1997-жылы 160 доллар, 2001-жылы 287 доллар, ал эми 2003-жылы 320 долларга чейин өскөн. Мындай маалыматты «Кыргызинфо» агенттиги таратты.

XS
SM
MD
LG