Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Орусия президенти В.Путиндин Кыргызстанга келиши күтүлүүдө


БИШКЕК. 23-октябрда Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапары менен келши күтүлүүдө. В. Путин менен А. Акаев Канттагы авиабазанын ачылыш салтанатына катышмакчы. «Бул окуя Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүктү жана стратегиялык мамилелерди тереңдетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат» деп билдирди 18-октябрда Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги. Маалымат баракчасында айтылгандай, Кант аба майданына Коллективдүү коопсуздук келишими уюмунун тез аракеттенүүчү күчтөрүнүн авиациялык компоненти катары Орусиянын авиациялык күчтөрү жайгаштырылат. Бул аскердик объект Коллективдүү коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга, Борбор Азиядагы туруктуулукту бекемдөөгө жана террорчулукка жана башка коркунучтарга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
Владимир Путин «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык форумунун ачылышына да катышуусу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG