Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

ТЕРЕЗА ЭНЕ "КУТ ЖАЛГАГАНДАРДЫН" КАТАРЫНА КОШУЛДУ


Жаңыл Жусубжан, Прага шаары. Ватикан маркум Тереза Энени "кут жалгаган" олуялардын катарына кошту. Дүйнөдөгү эң атактуу католик кечили 50 жыл бою жарды-жалчыларга каралашып, өлүм алдында жаткандарды жана кароосуз калгандарды багып, улутуна, динине, өңү-түсүнө карабай кызмат кылганы үчүн ушундай сыйга татып отурат. Рим калаасындагы бүгүнкү салтанатка төгөрөктүн төрт бурчунан жүз миңдеген киши чогулду. Алгач Тереза Эне жарым кылым кызмат Калькуттадагы салтанаттардан кабар алсак.

Бүгүн, жекшемби күнү, Калькуттада таң заарынан он миңдеген христиандар жана христиан эместер, кечилдер жана мектеп окуучулары Тереза эненин гүл десте менен кооздолгон күмбөзүнө келип, сыйынышты. Христиан, ислам, индуизм диндерин жолдогон индиялыктар Тереза Эненин туулган күнүн, 26-августту Индияда улуттук майрам деп жарыялоону талап кылышты. Дүйнөдөгү эң жарды жана калкы эң көп санда болгон шаарларынын биринде Тереза Энени түн ортосуна чейин эскеришүүдө. Анын аралыгында, алыскы Римде Рим папасы Иоан Павел калкутталык маркумдун арбагына жаназа түшүрдү.

"Рим папасынын жардыгы менен, Кудайдын сыйлуу кызматчысы, калкутталык Тереза мындан ары "кут жалгаган" деп аталсын", - деп жарыялады Иоанн Павел Экинчи Ыйык Петр аянтында чогулган жүз миңдеген кишинин алдында окуган таатында.

Католиктердин ишениминде, бардык ыйыктар үзгүлтүксүз кут жалгаган абалда болушат. Салт боюнча, "кут жалгагандардын" катарына кошулуу үчүн, талапкердин өлүмүнөн кийин ондогон жылдар өтөт. Бирок Тереза эненин жакын санаалашы болгон Иоанн Павел Экинчи ишти ыкчамдатып, маркум кечилди ал көз жумгандан алты жылдан кийин эле ыйыктардын катарына жакындаткан эң жогорку баскычка көтөрдү. Ыйыктардын катарына биротоло кириш үчүн кеминде сыйкырдуу эки окуя болуш керек. 1999-жылы Индияда бир аял Тереза Эненин элеси түшүрүлгөн медалды белине байлап уктагандан кийин, дарыгерлер айыкпайт деп койгон ашказан шишигинен куландан соо айыгып кеткен. Ушул окуяны Рим папасы биринчи сыйкыр деп жарыялаган. Эми дагы бир ушул өңдөнгөн, илим менен түшүндүрүүгө болбогон капилет сыйкыр орун алса, Тереза Энени ыйык олуялардын катарына биротоло кошуп, канондоштурууга жол ачылат.

Көзү тирүүсүндө эле Тереза Эне "Ыпластардын олуясы" деген наамга татыган. Ал азыркы Македониянын баш калаасы Скопиеде улуту албан, бардар соодагердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ирландияда Лоретто чиркөөсүндө кызмат кылган. Кийин алыскы Индиянын Калькутта шаарында чиркөө мектебинде сабак берет. Бирок жылуу-жумшак кызмат ордун таштап, шаардын тар үйлүү, ыплас жака-белинде жарды-жалчыларды, кароосуз калган балалуу аялдарды, жугуштуу ооруга чалдыккандарды, өлүм алдында жаткан абышка-кемпирлерди бага баштаган. Бүгүнкү коомдун өгөй балдарындай болгон социалдык катмарларга жарым кылым бою өтөгөн талыкпас эмгеги үчүн Тереза Эне бүткүл дүйнөдө миллиондордун урмат-сыйына татыган.

Анын апкыты басылып, таманы тешилген кепичин, жамаачы салынган сари көйнөгүн өткөн аптада Рим калаасында ачылган музейден көрүүгө болот. Ушул эле жерде ал 1979-жылы алган Нобелдин Тынчтык сыйлыгы, Нью-Йорктун ачкычы, Римдин сыйлуу атуулдугу берилгенин күбөлөндүргөн жана башка көптөгөн документтер жана сүрөттөр бар. Тереза эне 1997-жылы сентябрда көз жумган.

Жер жамандап барбасын, Тереза Эненин ашынган динчилдигин жактырбагандар да жок эмес. Мисалы ал бойдон сактануу методдоруна жана СПИД оорусунан сактануу үчүн презерватив колдонууга каршы чыккан. Ошон үчүн айрымдар "ал адамзатка акыр-аягына чейин кызмат кылган эмес" деп да эсептешет.
XS
SM
MD
LG