Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ, ӨКМӨТТҮН АРАКЕТИ, ЖАҢЫ АГЕНТТИКТИН ТҮЗҮЛҮШҮ, КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Президент А. Акаев жумурай журтка кайрылып, 2005-жылы өтө турган шайлоолордо чыныгы иштер гана элдин ишеничине ээ кылаарын бийлик өкүлдөрүнүн эсине салды. өкмөттүн токтомуна ылайык тамекиге салына турган акциз салыгынын өлчөмү өзгөртүлө турган болду. Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Кыргызстанда Жамааттарды инвестициялоо жана өнүктүрүү боюнча агенттик түзүлдү. Кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш-тартыштуу маселелер туурасында Кыргызстан тарап коңшу өлкөгө кайрылууларды жана каттарды жазууда.

Бул аптада президент Аскар Акаев Кыргызстандын элине жана парламентине салттуу кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын пикиринде, 2010-жылга чейин жардылыкты кеминде эки эсе азайтып, калктын чыныгы кирешесин эки эсе арттыруу зарыл. Анын айтымында, 2005-жылы болуучу шайлоолордо чыныгы иштер гана элдин ишеничине жана мандатына ээ кылат. Сөз 2010-жылга чейинки мөөнөт тууралуу кеткенин эске алганда, мамлекет башчысы муну өзүнө карата айттыбы, же президенттик шайлоого даярдык көрө турган азыркы бийлик өкүлдөрүн ушундай жол менен купуя эскерттиби, азырынча бүдөмүк бойдон калды. Антсе да, айрым саясат иликтөөчүлөрдүн айтымында, бул жолу мамлекет башчысы азыркы өкмөттүн иштей турган мөөнөтүн кыйла узартып койду. Анткени президент өз кайрылуусунда өкмөттүн ишине жогору баа берди.

- Өкмөттүн ишинде жагымдуу өзгөрүүлөр бар экенин белгилебей кетүү жарабас. Мында Николай Тимофеевич Танаевдин чоң салымы бар. өкмөт социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги параметрлерин сактап кала алды, - деди Аскар Акаев.

Ал арада өкмөт салык саясатында ар кандай жаңы кадамдарга барып, бюджетти толтуруунун амалын издеп келет. Мисалы, премьер-министр Николай Танаев жакында кол койгон токтомго ылайык, быйыл 1-декабрдан тартып Кыргызстанда сатылуучу тамекиге салына турган акциз салыгынын өлчөмү өзгөртүлмөкчү. Каржы министринин орун басары Мурат Исмаиловдун «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, өкмөттүн бул токтомуна ылайык өлкөдө сатылган тамекинин түрлөрүнөн баасына жараша салык алынат. Салыкты минтип өзгөртүүдөн, алдын-ала эсептөө боюнча, өлкөнүн бюджетине жыл сайын 11 млн. сом пайда түшөт. Чын эле ошондойбу, аны убакыт көрсөтмөкчү.

Бул аптада президент Аскар Акаев Кыргызстанда жамааттарды инвестициялоо жана өнүктүрүү боюнча агенттик түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, агенттиктин башкы максаты - жергиликтүү жамааттарга инвестицияны көбөйтүү менен айыл жергесиндеги жакырчылыкты жоюу. Агенттиктин аткаруучу деректири болуп Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы мурдагы өкүлү Элмира Ибраимова дайындалды.

Жакында Баткен облусунун акимчилиги Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчилигине кат жолдоду. Бул катта Кыргызстандын Бозадыр чек ара бекетин мурдагы ордуна жылдырууга Сох районунун Шахрабат айылынын эли тоскоолдук кылып, 14-октябрда Ош-Баткен жолун тосуп чыкканы айтылат. Катта, ал жерде Кыргызстандын 11 гектар жери бар экени, 3 жыл мурда коюлган Бозадыр чек ара бекети өзбек тарап электр энергиясын бербей койгонунан улам быйыл апрелде убактылуу гана 4 чакырымдай артка жылдырылганы эскертилген. Мындан тышкары, Сох районунун акими Хакимжан Сайфидинов Баткен облусунун губернаторунун биринчи орун басары Максат Дыйканов менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатып, «чек ара бекетин койсоңор, вагонеткаңарды өрттөп салабыз» деп зекигени белгиленет. Баткен облусунун жетекчилиги Фергана облусунун акимчилигин мындай жетекчиге карата тиешелүү чара көрүүгө жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырган. Каттын соңунда, эгер өзбек тарап чек ара бекетин коюуга мындан ары жолтоо кылса, кыргыз тарап да ошого жараша чара көрөөрү эскертилген.

Мындай чыр-чатактуу маселелер эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге көптөн бери көлөкө түшүрүп келет. Быйыл 16-июлда кыргыз-өзбек чек арасында өзбек жоокери кыргызстандык Адылжан Үркүнбаев деген атуулду атып өлтүргөн. Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү быйыл бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүүнү жакында аякташкан. Натыйжада «өзбекстандык атуулдун аракетинде кылмыш жок» деген негизде өзбек жоокерин актаган өкүм чыгарылган. Ал тургай өзбек тарап бул окуяга тиешеси бар кыргыз атуулдарына каршы кылмыш ишин козгогон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул аптада ушул иш боюнча билдирүү таратты. Министрлик өз билдирүүсүндө өзбек тарап бул кылмыш ишин бир жактуу иликтегенин баса белгилеп, окуяны калыс иликтөө максатында эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүүнү сунуш кылды. Ошентип, кийинки учурда облустук деңгээлде да, мамлекеттик деңгээлде да мындай кайрылуулар көнүмүшкө айланууда. Бирок Баткен облусунун жетекчилиги өз кайрылууларын Өзбекстан тараптын аракетине жараша адекваттуу чаралар менен бекемдеп келаткан болсо, мамлекеттик деңгээлде андай чечкиндүү аракеттер анча байкала элек.

XS
SM
MD
LG