Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:11

ОРУСИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕ ТУРГАНДЫГЫНА КАРАТА АР КАНДАЙ ПИКИРЛЕР АЙТЫЛУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Тышкы иштер министрлигинде Орусиянын президенти Владимир Путиндин 23-октябрда Кыргызстанга иш сапары менен келишине байланыштуу маалымат жыйыны өтөт.

Маалымат жыйынын өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана Орусиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Евгений Шмагин чогуу өткөрүшөт. Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө Орусиянын президентинин Кыргызстанда боло турган иш сапарына ар кандай маани берилүүдө. Айрым саясатчылар менен саясий партиялардын өкүлдөрү «В. Путиндин Кыргызстанга келиши эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты жакшыртууга өбөлгө болот» дешет. Башкалары Орусиянын президентинин болочок иш сапарын катардагы окуя катары сыпатташууда. Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Орозбек Дүйшеев В. Путиндин иш сапарына байланыштуу мындай дейт:

- Президент В. Путиндин Кыргызстанга келишине биз чоң маани беребиз. Анткени Кыргызстан Союз мезгилинде дүркүрөп өсүп, чоң ийгиликтерге жетишкен. Анын үстүнө Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызы да чоң. Ошондуктан, кыргыз өкмөтү Орусия менен туура саясат жүргүзсө, биз үчүн пайдалуу болот.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын штаб башчысы Эмил Алиевдин пикири мындай:

- Орусиянын президентинин Кыргызстанда боло турган сапары өзгөчө мааниге ээ. Анткени АКШ башында турган Эл аралык антитеррордук коалициянын аскердик базасы Кыргызстандын «Манас» аба майданына жайгаштырылгандан кийин эле Орусия Канттагы авиабазага кызыга баштады. Эгерде америкалык аскердик база ачылбаганда, Путин Кыргызстанга келет беле, ким билет?…

Президент В. Путиндин бир күндүк иш сапарындагы негизги окуя эки президенттин катышуусу менен Канттагы орусиялык авиабазанын ачылышы болот. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өткөн жумада «бул окуя Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк жана стратегиялык мамилелерди тереңдетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат» деген билдирүүсүн таратты. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөр Канттагы аба майданына бул уюмдун Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн авиациялык компоненти катары Орусиянын аскер-аба күчтөрүн жайгаштырууга чоң маани беришүүдө. Алардын пикиринде, Канттагы аскердик объект уюмга кирген өлкөлөрдүн коргонуу мүмкүнчүлүгүн арттырып, Борбор Азиядагы стабилдүүлүктү бекемдөөгө, терроризмге жана башка тышкы коркунучтарга каршы турууга көмөк көрсөтөт. Президент В. Путин өз иш сапарынын учурунда «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык форумунун ачылышына жана башка иш-чараларга да катышат.
XS
SM
MD
LG