Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:04

«КЫРГЫЗ ТИЛИ» КЫЙМЫЛЫ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ПАЙДА БОЛДУ?


Кыргыз тилинин коомдук кадыр-баркын көтөрүү максатында түзүлгөн жаңы кыймыл ушу тапта катарын арбытып, улуттук тил көйгөйлөрүн коомчулуктун көмөгү менен чечүү аракетинде. Коммунисттик бийлик кыйла либералдашкан чакта 1989-жылы кабыл алынган “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили тууралуу” мыйзамдын көпчүлүк жоболору унутта калды. Жаңы мыйзам 3 жылдан бери парламенттен өтө албай келет. Быйыл Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын октябрь айындагы отурумдарынын биринде талкууга коюлчу мыйзам долбоору дагы артка жылдырылганы айтылууда. Айрым серепчилердин оюнча, антишке Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы “Кант” авиабазасына келе тургандыгы себеп болгон.

Кыргыз тилинин проблемасы эгемен Кыргызстанда курч коюлуп атканы – бир чети таң калычтуу окуя. Өлкө демократиялык жаңылануулардын шартында жашап жаткан чакта кыргыз тилинин коомдук кызматы тарып, болочогу арсар абалга түштү.

Улуттук тилдин жылдан-жылга четте калып келатканын “Аалам” гезитинин башкы редактору, жазуучу Чолпонбек Абыкеев мындайча түшүндүрөт:

- Кыргызды улут катары өлтүрбөй алып жүрчү күч кыргыз тилинде сакталып турат. Биздин байыркы заманда курулган шаарларыбыз жок, музейлерибиз же тарыхый эстеликтерибиз жок. Ошонун баары кыргыздын тилинде катылып турат. Кыргыз тилинен ажырай баштаганыбыз – кийинки муундар мына ошонун баарынан ажырап баратканы. Көрсө, кыргыз тилине болгон кысым, кыргыз тилин чектөө өзүбүздүн кыргыздардын көзүн байлап, түпкү ырыскысынан ажыратып баратыптыр. Мына ушуну көрүп туруп кыргыздын атуулдары, кыргыздын келечеги үчүн кам көргөн, жүрөгү “кыргызмын” деп урган атуулдар “тил кыймылын баштайлы” деп сунуш кылышканда мен биринчилерден болуп колдоп чыктым.

“Кыргыз тилин өнүктүрүү, улуттук дөөлөттөрдү сактоо” кыймылынын төрагасы Кенжаалы Сарымсаков алдыдагы милдеттерге мындайча токтолду:

- Тил жалпы коомдук колдоого ээ болуп өнүккөндө гана өзүнүн түпкү маанисине ээ болоорун эске алышыбыз керек. Биринчи кезекте ишти өзүбүздөн баштап, үй-бүлөдө, коомдук жайларда, өз ара кеп-сөздө эне тилибизде таза сүйлөөгө аракет кылышыбыз абзел. Улуу “Манас” дүйнөсүн даңазалаган тилдин касиетин, сырын туя билүүгө аракет кылып, эне тилинин кадырына жете билүүнүн өзү - кыймылдын ар бир мүчөсү үчүн, ар бир кыргыз үчүн атуулдук башкы парз, улуттук намыс, жеке маданияттуулук. Кыймылдын мүчөлөрү кыргыз тилинин Кыргыз Республикасында өнүгүшүнө өз салымын кошуу менен азыркы жана кийинки муундар алдында, урпактар алдында улуу иш жасай тургандыгы түшүндүрүлөт.

Белгилүү коомдук ишмер Тилектеш Ишемкулов Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия кыйла иштерди жүзөгө ашырганын, бирок ал эмне себептен кысымга кабылганын түшүнбөгөнүн билдирди:

- Мынакей, жаңы мыйзамды жаңылап чыгуу, эне тилибизди мамлекеттик тил деңгээлине жеткирүү боюнча тил комиссиясы көп аракет кылып, өз вариантын берди. Ушуларды эске алышыбыз керек. Мына, күтүлбөгөн жерден, эки мыйзамдын долбоору даярдалып жатса, Казат Акматовду четтетип коюу коомчулук үчүн түшүнүксүз болуп калды. Сөздүн чынын айтайын. Мен ойлоп атам: мына ушул иштерди аягына чыгарып, ийине жеткирип, бир жыйынтыкка келип, анан кол чаппаса да колун кармап узатып койсо, дурус болор беле?

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия эмнеликтен четке сүрүлүп калганын Казат Акматов мындайча түшүндүрдү:

- Мына, мен 5 жыл бою ушул тил комиссиясында иштедим. Абдан эле көп иштерди жасагансыдык. “Биз кыйын иштедик” деп жүрдүк. Бирок тил ордунда турат. Себеби, ал комиссиянын ишинен улам эле алдыга жылып кетпейт. Бүткүл коомчулуктун аракети менен тилге зарылчылык түзүлүш керек да. Кыргыз мамлекетинде мамлекеттик бийликтен баштап бала бакчага чейин тилдин зарылчылыгы керек болуп атат. Ошону түзө албай атпайбызбы. Украина болсо мындай мыйзам кабыл алып койду - кимде-ким Украинада орус тилин пайдаланса, ал кызматтан айдалат. Ушундай зарылчылык түзүштү. Молдовада болсо “орус тилин мамлекеттик тил кылабыз” дешти эле, ал жерде көтөрүлүш чыгарышты. Ал эми бизде тигиндей да, мындай да зарылчылык түзө албай жатабыз. Себеби, мына азыр эле ушул кыймылды түзүп атсак бир аксакал айтып атпайбы: ”Биз өзүбүздүн тилди башкаларга таңуулабашыбыз керек, ал болбойт”, - деп. Эгер кыргыз тили улут аралык тил боло албаса, аны “мамлекеттик” деп атап эмне кереги бар? “Толеранттуу” десе башка чапса туйбаган жансыз кыргыз болуп атабыз да.
XS
SM
MD
LG