Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

ТҮШТҮК СИБИРДЕГИ КЫТАЙ ЖАЗУУЛАРЫ


Мурат Кожобеков, Бишкек Орто кылымдагы Кыргыз каганаты көптөгөн өлкөлөр менен саясий, дипломатиялык мамиле курууга жетишкен. Анын бир далили - Түштүк Сибир аймагындагы Райково айлынан табылган мрамор таштагы кытай (ханзу) жазуулары.

IX кылымдын орто ченинде Кыргыз каганатынын кубаты чегине жетип, 840-жылы Уйгур мамлекетин талкалагандан кийин кыргыз кылычынын мизи азыркы Монголиянын чыгышынан Түндүк Кытай аймагы менен Чыгыш Түркстан аймагына чейин серпилип, кыргыз бийлиги Борбор Азиянын кеңири мейкиндигине орногон. Кыргыз элчилери, саясий ишмерлер жана соодагерлер жакынкы коңшулар менен мамиле түзүшүп, кыргыз маданиятынын жылдызы жанган.

Айрыкча кыргыз мамлекети Тан Кытайы менен ынанымдуу ымала куруп, эки өлкө ортосунда орун алган дипломатиялык мамилелер жазма булак малыматтарында баяндалып, ал эми соода-экономикалык алыш-бериш археологиялык табылгаларда катталган. Түштүк Сибирдеги Райково айлынан чыккан мрамор таштагы кытай жазуулары мына ушундай уникалдуу табылга болуп саналат. Жапон окумуштуусу Т. Мацумотонун аныктоосуна ылайык, иероглиф тексттери менен жазылган «ай-сэ» табличкалары Тан жана Суй сулалелеринин (династияларынын) императорлору же алардын үй-бүлөсүндөгү кимдир-бирөөнүн көзү өткөндө жасалган. Адатта аларда маркумдун ишмердиги ыр түрүндө даңазаланган. Кээде бир жазуу 50 же андан да арбын тактачалардан (табличкалардан) турган.

Райководон болсо өзүнчө мазмундагы 5 табличка табылган. 1-текстте «аталышына ылайык, ошондой эле акырында бардыгы тең жарык нур болсун», 2-текстте «алык алып, мында сенин чегиңди башкарып, аны жана түтүндөрүн коргойбуз», 3-текстте «мына Улуу Тан династиясынын жетинчи Хионтон жылы», 4-текстте «ызаттоо жана ачык дил менен келип, камкордук кылып, мээримдүүлүктү сезем», 5-текстте «жарык дүйнөдө айтылгандай сага өзүмдүн сулуулугумду, чынчылдыгымды алып келдим» деген мазмундагы сүйлөмдөр жазылган.

Кытай текстинде жыйынтык жасагыдай маанилүү маалымат камтылган. Анын биринчиси жана негизгиси - текстте 866-жыл көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, беймаалым өлкөнүн чегин жана түтүндөрүн башкарып, андан алык алынгандыгы каймана мааниде кабарланат. Жапон окумуштуусу Т. Мацумото «бул табличкалар Миңсуу өрөөнүн башкарган Кытай императорунун дудусуна же генерал-губернаторуна тиешелүү» деп эсептейт. Кыязы, Т. Мацумото 648-жылкы «кыргыз элтебери Шибоцюй Ачжанга Цзяньгунь же «Кыргыз дудуфусу» деген наам берилди» деген маалыматты чаташтырып алса керек. Биринчиден, Кытай империясына баш ийген Кыргыз дудуфулугу же генерал-губернатордук империялык идеологиянын талабына ылайык кагаз жүзүндө гана ачылган. Башкача айтканда, кыргыз өлкөсү эч качан Кытайга баш ийген эмес. Экинчиден, IX кылымдын орто ченинде Тан династиясы начарлап, Кыргыз каганаты, тескерисинче, жогорку өнүгүү чегине көтөрүлгөн. Үчүнчүдөн, табличкалар кытай чиновнигине же императордун туугандарынын бирине таандык экендигин кабыл алуу мүмкүн эмес. Анткени, императордук тектин өкүлүн бөтөн өлкөдө көмүү жосуну Кытайда жасалганын элестетүү кыйын.

Балким бул табличкалар 866-жылы кайтыш болгон кыргыз өкүмдары Ин-ву Чен-мин-хандын арбагына арналган эстелик болушу мүмкүн. Кыргыз ханы менен Кытай императорунун ортосунда 843-жылы жүргөн кат алмашууларда император кыргыз өкүмдарын «тууганым» деп, жакынсына мамиле кылганы белгилүү. Ошондон улам балким Кытай императору кыргыз өкүмдары өлгөндө өзүнүн устасын жана ташка жаза турган билим адамын жөнөтсө керек. Кытай империясында мындай озуйпа мурда да аткарылып, 731-жылы дүйнөдөн кайткан Култегинге эстелик орнотуш үчүн император Сюаньцзун түрк өкүмдары Билге кагандын өтүнүчү боюнча кытай усталарын жиберген.

Эгер Райководогу «ай-сэ» табличкаларынын Түштүк Сибирдеги Саян тоолорунун мраморлорунан жасалгандыгын эске алсак, анда Кытай императору кыргыз ханынын дүйнөдөн кайтышын эскерип, усталарын Түштүк Сибирге жөнөтүшү толук ыктымал.
XS
SM
MD
LG