Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:36

БАБАЛАРДЫН МУРАСЫНАН. «ШЫРЫЛДАҢ»


Жарык дүйнөгө жаралгандан бакканы төрт түлүк мал, ичкени ак болгон байыркы көчмөн кыргыздардын арасында мал чарбачылыгына арналган, муундан-муунга өтүп, ооздон-оозго көчүп ырдалган «Бекбекей», «Шырылдаң» аттуу эл ырлары болгон.

Аттын кулагы менен тең ойноп өскөн абалкы көчмөн кыргыздар төрт түлүк малдын ичинен Камбар атадан тараган жылкыны «ат - адамдын канаты”, “аттан айрылганың - канатыңдын кайрылганы» деп, өзгөчө жанга жакын көрүшкөн. Алардын күнүмдүк турмушу, көргөн күнү атсыз өткөн эмес. Кыргыздар жылкынын күчүн көрүп, этин жеп, сүтүн ичип, саяпкерлери уламалуу тулпарларды, жел жетпеген күлүктөрдү, үстүнө суу куйса төгүлбөгөн жорголорду тапташкан. Алсак, Манастын
«Желип кетсе жүрүшү
Жебенин огун аткандай.
Куюшкандын кошконуна
Он бир карыш казанды,
Ойноп-күлүп аскандай.
Таноосуна-мурдуна,
Кирер болсо жөргөлөп,
Азыркы жүргөн адамдар,
Кийими менен баткандай.
Камыш кулак, сом туяк,
Балтыры өгүз белиндей,
Басканы сырттын желиндей» деп сүрөттөлгөн Аккуласын, Алмамбеттин Сараласын, Чубактын Көктекесин, Сыргактын Көкчебичин, Семетейдин Тайбуурулун, Сейтектин Кылкүрөңүн, Курманбектин Телторусун, Шырдакбектин Бозжоргосун айтса болот. Булар өзгөчө күлүктүгү, күчтүүлүгү, арыбас чыдамдуулугу, «айтайын десе тили жок, адамдан эстүүлүгү», кан майданда алдырбаган амалкөйлүгү менен айырмаланган. Алар эр жүрөк баатырлардын колуна кол, бутуна бут болуп, эрдигине эрдик кошушкан.

Ушундай укмуштуу тулпарларды, күлүктөрдү, жорголорду таптаган саяпкерлер, жөнөкөй эле жылкычылар «Шырылдаң» аттуу салттуу эл ырын ырдашкан. Айрыкча, ал жайдыр-кыштыр байлардын жылкысын баккандардын арасына кеңири таралган. Анда түн күзөтүп, ысык-суукка кайыл болгон жылкычылардын оор турмушу баяндалган. Алар «Шырылдаңды» түтүн кыдырып да ырдашкан. Адатта, «Шырылдаң» айтып келгендерге үй ээлери тамак-аш, кийим-кечек беришкен. Ал эми айтуучулар болсо:
«Бата башы дың-дың,
Малды берсин миң-миң.
Жылкы берсең ала бер,
От жакалай бала бер.
Ат чуркаса жетпесин,
Кас санаган душманың
Келерки ушул убакка жетпесин» деп, батасын да беришкен.

«Шырылдаң» ырларында терме, насыят, үгүт ырлары да басымдуу болгон. Бул ырларга «эй» деген кошумча муун айтылып аткарылган. «Байыркы ырдын «Шырылдаң» деп аталып калышына кышында, кеч күздө ичкен муздак кымыз себепчи болуптур» деген имиш да айтылат. Анткени жылкычылар кышында ичкен муздак кымызын «шырылдаң» дешиптир. Ал эми «шырылдаң биздин шыйкыбыз, бүгүн калды уйкубуз» деген саптарына, көптүк түрүндө «биз» деп айтылган сөздөрүнө караганда, жылкычылар топтолушуп шыгыр түрүндө сабатмалуу обондо куюлуштуруп, салмактуу жүрүштө ырдашкан.
XS
SM
MD
LG