Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:47

Израиль резервисттерди аскерге чакыра баштады


Алардын эсебинен беш батальон куралат. Бул тууралуу бүгүн Израилдин аскердик радиосу билдирди. Аскерий өкүлдөрдүн түшүндүрмөсүнө караганда, резервисттер чалгындоо маалыматтары алдыда кол салуулар көбөйөөрүн көргөзгөнүнөн улам чакыртылууда. Бүгүнкү кабарларга караганда, жөөт аскерлери палестин-египет чек арасына канатташ жайгашкан качкындар лагеринен чыгып кетти. Бул жерде төрт күнгө созулган аскерий операциялар учурунда ондогон турак-үйлөр, жолдор,суу түйүндөрү бузулду, атышуулардан бир нече палестин мерт болду. Ал эми палестиндердин Женин шаарында жөөт аскерлери техниканын коштоосунда "Исламчыл Жихад" уюмунун кеңселерин тинтүүгө алды.

XS
SM
MD
LG