Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Түркияда Иракка аскер жиберилишине каршы демонстрациялар болду


Полиция өлкөнүн ар кайсы аймактарында орун алган нааразылык акцияларынын катышуучуларына каршы күч колдонду. Маселен Стамбулдун полициясы 300дөй демонстрантты көздөн жаш агызчы газдын жана желим таяктын жардамы менен таратты, алардын бир нечесин камакка алды. Ушундай эле демонстрациянын сегиз катышуучусу Кайсери шаарынан кармалган. Дагы бир нааразылык акциясы Анкарада болду. Түркиянын парламенти өкмөттүн Иракта стабилдүүлүктү сактоо үчүн аскер жиберүү жөнүндөгү сунушун колдогон эле. Бирок кечээ түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдогон, эгер ирактыктар каалабаса, өкмөт өз планынан баш тартышы мүмкүн экенин айтты. Коңшу Түркиядан аскерлердин келишине Ирактын Башкаруу кеңешинин айрым өкүлдөрү да каршылык билдирген.

XS
SM
MD
LG