Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:38

Иракта америкалык аскерлерге кол салуу уланууда


Өлкөнүн түндүгүндөгү Киркук шаарынын чет жакасында, күзөттө жүргөн жеринен өткөн түнү ок жеп дагы эки аскер мерт болду, бирөөсү жаракат алды. Ал эми бүгүн Фаллужа шаарында америкалык автокербен аткыланып, андан аскердик машиналардын бири өрттөнүп кеткен.
Кечээ Катардагы "ал-Жазира" телеканалы "ал-Каиданын" лидери Усама бин Ладендики деген эки аудиотасманы угузган болчу. Тасмадагы үн АКШны аскерлерин Ирактан чыгарып кетүүгө чакырып, АКШнын ичинде жана сыртында жанкечтилердин чабуулдары токтобой турганын жана Ирак маселесинде Вашингтонду колдогон өлкөлөрдүн баары бутага алынарын эскерткен. АКШ президенти Ж.Буш ал аудиотасманы террорчулука каршы күрөш уланып жатканын бекемдеген далил катары баалады.

XS
SM
MD
LG