Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Малайзия АПЕК самитинде терроризмге басым жасалышын сынга алды


Малайзиянын өкмөт башчысы Махатхир Мохаммад "АПЕК коопсуздук тобуна айланып калышы мүмкүн" деп эскертти. Азия-Тынч океан Экономикалык Кызматашттык форумунун саммити бүгүн Таиланддын баш калаасында башталды.
Мунун алдында Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буш анти-терроризм чараларын кеңири сөз кылган эле.
Махатхирдин көз карашында, соода алакаларынын талкууланбай калышы жыйындан майнап чыкпай тургандыгын билдирет.

– Малайзия сыяктуу өнүгүп келаткан өлкөлөр глобализациянын жүрүшүндө сооданын акыйкаттык жана теңчилик менен ишке ашырылышын каалайт. Бул маселе Дүйнөлүк соода уюмунун күн тартибинде болуш керек. (Бирок), бизге башка күн тартибин таңуулап жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG