Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:44

Дүйшөмбү шаарындагы V Борбор Азия оюндарында Кыргызстандын командасы ойдогудай ийгиликтерге жете алган жок


БИШКЕК. Мелдештин жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчулар 5 алтын, 15 күмүш байгенин ээси болушту. Алтын медалдарды жеңил атлетика мелдештеринде жѳѳ күлүктѳр - Азия чемпиону Татьяна Борисова менен Денис Багреев - утуп алышты. Кыргызстандык мергендер мылтык атуу мелдештеринде 2 алтын байгелүү болушту. Бишкектик Руслан Исмаилов жеке таймашта баш байгенин ээси болсо, мергендердин командалык атаандашуусунда кыргызстандык жигиттер Александр Бабченко, Тахир жана Руслан Исмаиловдор жеңиштин бийик сересине чыгышты. V Борбор Азия оюндарынын чемпиондугун грек-рим күрѳшүндѳ Данияр Кѳбѳнов жеңип, алтын медал тагынды. Жалпы командалык 1-орунду Казакстан колдон чыгарган жок. 2-орунга Ѳзбекстандын спортчулары чыгышты. V Борбор Азия оюндарынын кожоюндары болгон тажикстандыктар 3-орунду камсыз кылып, 15 алтын медал утуп алышты. Кыргызстандык 97 спортчунун даярдыгына жетиштүү каражат берилбегендиктен, атайын машыгуулар болбогондуктан, алар ойдогудай ийгиликтерге жете алышкан жок.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG