КАРАКОЛ. Реабилитациялык борбор Балыкчы шаарындагы «Үмүт» бейөкмөт уюмунун демилгеси менен ачылды. Ага өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана көчө балдарынын кескин көбөйүшү башкы себеп болду. Маселен, азыр Балыкчы шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөө инспекциясында 116 өспүрүм каттоодо турат. Өткөн 9 ай ичинде өспүрүмдөр арасында 7 кылмыш иши катталып, ал эми шаардык ички иштер бөлүмүнө ар кандай себептер менен 221 бала алынып келинген.