Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:41

Кыргызстандын акыйкатчысы киши сатыкка каршы күрөш боюнча конференция өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын акыйкатчысы киши сатыкка каршы күрөшкө арналган конференция өткөрдү. Ага депутаттар, мамлекеттик, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Анда Кыргызстанда киши сатыкка каршы күрөш үчүн атайын улуттук кеңеш түзүлүп, Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилген менен, иш жүзүндө абал өзгөрүлбөгөнү белгиленди. Адамдарды мыйзамсыз алып чыгып сатууга каршы күрөш боюнча улуттук кеңештин координатору Алтынай Сулайманованын айтымында, буга ириде соттордун адилетсиздиги себепкер болууда. Маселен, быйыл киши сатык боюнча үч арызды караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту айып тагылган адамдарды актап жиберген. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боромбаева улуттук кеңешти «жакшы иштебей жатат» деп кинеледи. Ал улуттук кеңешти парламент жана эл алдында дайыма маалымат берип турууга милдеттендирүүнү сунуш кылды.

XS
SM
MD
LG