Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Абдыганы Эркебаев соңку жылдары Кыргызстандын коңшу өлкөлөр менен мамилеси начарлаганын айтты


БИШКЕК. «Соңку жылдары Кыргызстандын Өзбекстан, Казакстан сыяктуу өлкөлөр менен өз ара мамилеси начарлап кетти. Коңшу өлкөлөр Кыргызстанды туш тараптан экономикалык кысымга алышууда. Ал эми Кыргызстан бул маселени чечүүнүн ордуна алыскы өлкөлөрдүн аскердик базасын өз өлкөсүнө жайгаштыруу менен алектенүүдө». Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев палатанын бүгүнкү отурумунда аткаруу бийлигинин аракетине карата ушундай пикирин билдирди. Ал АКШ баш болгон өлкөлөрдүн аскердик базасынын «Манас» аба майданына жайгаша турган мөөнөтү аяктаганын белгиледи. Мындан тышкары, А. Эркебаев бир катар депутаттардын «соңку үч жылдагы Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу маалыматты угалы» деген сунушун колдоду.

XS
SM
MD
LG