Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Эртең Түркиянын өкмөт башчысы Кыргызстанга келет


БИШКЕК. Эртең Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы иш сапары башталат. Өкмөттүн басма сөз кызматынан бүгүн алынган маалыматка караганда, Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев Режеп Тайып Эрдоган менен эртең кечинде жолугушуп, көзмө-көз сүйлөшөт. Андан кийин делегация менен Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрүнүн кеңири сүйлөшүүсү болуп, басма сөз үчүн билдирүү жасалат. Иш сапарынын учурунда Түркиянын өкмөт башчысы президент Аскар Акаев, Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен жолугушуп, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин эки окуу корпусун ачат. Андан кийин ал Түркиянын Бишкектеги «Кока-Кола» ишканасында болуп, кыргыз-түрк биргелешкен ишканалары чыгарган товарлардын көргөзмөсүн көрөт. Режеп Тайып Эрдоган 23-октябрда Бишкектен Тажикстанга жол тартат.

XS
SM
MD
LG