Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Таиланддын башкалаасы Бангкокто Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммити өтүп жатат.Террорчулукка каршы глобалдык согуш, өзөктүк куралды жайылтпоо жана экономикалык маселелер жогорку деңгээлдеги жыйындын күн тартибиндеги негизги темалардан болоору күтүлүүдө. Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы да анын күн тартибиндеги маселелердин бирине айланчыдай. АКШ президенти Жорж Буштун Бангкоктон саммиттин алдында жасаган билдирүүлөрү Вашингтон Түндүк Корея боюнча турумун жумшартканынын ишараасы ирээтинде каралууда.

Түндүк Корея маселеси саммиттин алдында АКШ президенти Жорж Буштун кытай президенти Ху Цзиньтао жана Түштүк Корея президенти Но Му Хен менен болгон эки тараптуу сүйлөшүүлөрүндө талкууланды. Аталган жолугушуулардан соң жасалган билдирүүлөргө жана белгилүү болгон маалыматтарга караганда, АКШ өзөктүк курал программасын токтотууга ынандыруу аракетинде Түндүк Кореяга коопсуздук кепилдиктерин сунуш кылды. Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин дүйшөмбүдөгү билдирүүсүнө караганда, президент Ж.Буш кепилдиктер жаатындагы сунуштарды Түндүк Корея кризисин жөндөөдөгү негизги ортомчулардын бири - Кытайдын президенти Ху Цзиньтао менен жеке кездешүүсүндө берген. АКШ Түндүк Кореяга эмнени сунуш кылганынын чоо–жайы азырынча так белгисиз. Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл өзү мурдараак америкалык "Си – Би - Эс" телеканалына берген маегинде айткандай, АКШ коопсуздук кепилдиктерин ал документ Сенаттын ратификациясы талап кылынбай тургандай шартта гана бериши ыктымал. Президент Жорж Буш болсо Бангкоктон жасаган билдирүүлөрүндө Түндүк Корея талап кылып жүргөндөй өз ара кол салбоо жөнүндөгү келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн АКШ кабыл албасын белгиледи. Бирок, ал ошол эле учурда кытай президенти Ху Цзиньтао жана Түштүк Корея президенти Но Му Хен менен болгон кездешүүлөрүнөн кийин эгер Пхеньян өзөктүк курал программасын токтотсо, АКШ Түндүк Корея кризисин жөндөө боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөргө тартылган өлкөлөр менен бирге кагаз жүзүндө коопсуздук кепилдиктерин берүүнүн жолдорун карап көрүүгө даяр экенин билдирген болчу. Маселен ал кытай президенти Ху Цзиньтао менен кездешкен соң:

- Биз Пекиндеги (Түндүк Корея боюнча) сүйлөшүүлөрдү кантип алдыга жылдырууну кеп кылдык. Биз аны кош максатка: өзөктүк куралдан эркин жарым аралга жана алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында Түндүк Кореянын коопсуздук тынчызданууларына жооп берүүгө жетүү менен кантип алдыга жылдыруу жөнүндө кеп кылдык.

Эсиңиздерге сала кетели, быйыл август айында АКШ, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Орусия, Кытай жана Жапониянын Пекинде болгон алты тараптуу сүйлөшүүсү натыйжасыз аяктаган. Анда тараптар сүйлөшүүнүн кийинки айлампасы өтчү мөөнөттү белгилей алган эмес.

Айрым байкоочулар АКШ президентинин Түндүк Корея боюнча Бангкоктон жасаган билдирүүлөрүн Вашингтон өз турумун жумшартканынын ишараасы катары карашууда. Себеби АКШ буга чейин Түндүк Корея биринчи кадамды жасап, өзөктүк программасын токтотуп, ал текшерүүдө ырасталмайынча Вашингтондон эч кандай чегинүү болбосун айтып келген эле. Германиянын Гамбург университетиндеги Азия институтунун Түндүк Корея боюнча эксперти Петрик Көллнер президент Буштун соңку билдирүүсүнүн бир себебин төмөнкү жагдайдан көрөт:

- Жок дегенде азыр Мамлекеттик департаменттин сүйлөшүү аркылуу чечүүнү көздөгөн багыты үстөмдүк кыла алды. Буга Буштун администрациясындагы, Пентагондогу, башка жерлердеги консерваторлор каршы туруп келген эле.

Айтор, эмнеси болсо да окуялардын мындан аркы өнүгүшүн алдыдагы күндөр көргөзмөкчү. Вашингтондун сунушун Пхеньян кабыл алабы? Айтуу кыйын.

Ал эми Түндүк Корея да күн тартибиндеги маселелердин бирине айланып жаткан саммиткеТынч океандын эки жагындагы 21 өлкөнүн лидерлери чогулду. Азия –Тынч океан экономикалык кызматташтык уюму 1989-жылы чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өз ара соода алакасын чыңдоо максаты менен түзүлгөн. Бирок бул ирээт кабарларга караганда, террорчулукка каршы глобалдык согуш, өзөктүк куралдарды жайылтпоо маселелери саммиттин негизги темаларынан болот. Жыйын шейшембиде ишин улантмакчы. Малайзиянын премьер-министри Мохаммад Махатхир саммиттин күн тартибинде экономикага караганда коопсуздук маселелеринин үстөмдүк кылышын сынга алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG