Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕГАРА КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Кубат Оторбаев, Бишкек; Кожогелди Кулуев, Ош; Жаркын Темирбаева, Бишкек. Кыргызстандын чегаралары тууралуу маалымат-аналитикалык берүүнү сунуш кылабыз. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин коңшулары менен чегарасын тактоо иштерин баштаганы белгилүү. Кыргыз-кытай чегарасын аныктоо саясий маселеге айланып, натыйжада, бийлик менен оппозициянын мамилеси курчуган. Кыргыз-казак чегарасын тактоо иши болсо тынч жүрдү. Ал эми кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чегараларын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр уланууда. Бирок кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чегараларын тактоодо мамлекеттер ортосунда талаш-тартыштар болуп жатканы маалым.

Кубат Оторбаев:
- Кадырлуу угармандар! Чегара тууралуу сөз болгондо Үзөгүкууш же так айтканда, кыргыз-кытай чегарасы аргасыздан эске түшөт. Кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айында соңуна чыкты. Чегаранынын эң акыркы талаштуу бөлүгү болгон Үзөнгүкууш алабына чегара мамылары жайдын аягында орнотулду.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын чек арасынын жалпы узундугу 4598 чакырым, анын ичинен кыргыз-кытай чегарасынын узундугу 1071,8 чакырымды түзөт. Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда кыргыз-кытай чегарасы боюнча келишимге 1996-жылы 4-июлда кол коюлган. Ал эми экинчи бир, кыргыз-кытай чегарасы боюнча кошумча келишимге 1999-жылдын 26-августунда кол коюлган. 2003-жылдын 28-февралында Кыргызстандын Конституциялык соту аталган эки келишимди «мыйзамдуу түзүлгөн» деген чечим чыгарган.

Кыргыз-кытай чегарасынан айырмаланып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда талаштуу аймактар аз болгон. Ошондуктан, адистер «чегаранын бул бөлүгүндөгү иштер салыштырмалуу, жеңилирээк жүрдү» дешет.

Маалымат үчүн: Кыргыз-казак чегарасы боюнча макулдашууга эки мамлекеттин президенттери Аскар Акаев менен Нурсултан Назарбаев 2001-жылы кол коюшкан. Учурда ал документти ратификациялоо иштерине даярдык жүрүп жатат. Ратификациядан кийин чегараны демаркациялоо иштери башталмакчы.

Ошентип, учурда Кыргызстан төрт коңшусунун экөө менен чегарасын дээрлик тактап бүттү десек жаңылбайбыз. Бирок, калган эки коңшусу менен сүйлөшүүлөр оор болуп жатканын кыргыз бийлигинин өкүлдөрү айтып келатышат. Ошондуктан, биз бул жолу кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чегараларына басым жасайбыз.

Маалымат үчүн: 990,6 чакырымга созулган кыргыз-тажик чегарасын аныктоо боюнча иштер али баштала элек. Тараптар ушул учурда чегараны делимитациялоону кайсы укуктук документтерге таянып жүргүзүү тууралуу бир пикирге келише албай жатат.

Тактала элек чегаралар боюнча маектешүү максатында мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев менен маектешкен элек. Бирок, ал интервьюдан мурда кыргыз-өзбек чегарасы тууралуу маалымат алсак:

Маалымат үчүн: кыргыз-өзбек чегарасынын узундугу алдын-ала эсептөөлөргө караганда 1308 чакырым. Учурда анын 697 чакырымы гана такталды. Кыргызстандын аймагында өзбекстандын Сох, Шахимардан анклавдары да жайгашкан. 1999-2000-жылдардагы өздөрүн өзбекстандын ислам кыймылы деп атаган куралчан топтор Кыргызстанга кол салгандан кийин өзбекстан Сох анклавын курчай мина коюп салган. Баш-аягы 1999-жылдан бери минадан 14 жарылуу болуп, 2 киши каза таап, үчөө оор жаракат алган. Кыргыз тарап өзбекстандын миналарынан 7 миллион сом чыгым тартканын айтып келет.

Эми көңүлүңүздөрдү мурдагы тышкы иштер министри, «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери, тарых илимдеринин кандидаты Муратбек Иманалиев менен болгон маекке бурсам.

- Урматтуу Муратбек мырза, 10-октябрда Оштун Араван району менен өзбекстандын Мархамат району чектешкен аймакта алдын-ала алынган маалыматтар боюнча өзбекстандын чегарачысы аткан октон өзбекстандын эки атуулу каза таап, Кыргызстандын бир атуулу, Араван районунун Чекабад айылынын тургуну Азизбек Абдулазизов жаракат алды. Ал эми Достук көпүрөсүндө 16-июлда болгон ок атуудан Кыргызстандын атуулу Адылжан Үркүнбаев каза тапкан. «Мындай окуялардын чыгышына бир эсе чегаралардын такталбай жатканы, бир чети чегараларды кайтаруу боюнча эл аралык нормалардын сакталбай жатканы себеп болууда» деген пикирлер бар. Сиздин пикириңизде мындай окуялардын аягы качан тыйылат? Чегара жакын арада такталып бүтөбү?

- Араван районундагы ок атуу сиз айткандай чегарадагы биринчи окуя эмес. Буга чейин да өзбекстандын чегарачыларынын аткан огунан биздин атуулдар каза болушкан. өзбекстандын курал колдонуп жатканы туура эмес болуп жатат. Ошондуктан, чегара маселеси чечилбей жаткандыктан, Кыргызстан менен өзбекстандын ортосунда эки документке кол коюлушу керек деп эсептейм. Биринчиси, мурда советтик республикалар ортосундагы чегара боюнча статус-кво келишими керек болуп жатат. Ал документ Кыргызстан менен өзбекстандын чегарачыларынын жана ошол чегара аймагында жашаган эл үчүн убактылуу бир келишим кызматын аткарышы керек. Экинчи документ чегаранын жанында жашаган элдердин соода-маданият маселелерин жөнгө салган документ болууга тийиш. Себеби, андай документ жок. өзүңөр түшүнүп тургандай, чегара боюнча маселе өтө татаал болуп жатат. Ошол себептүү, менимче, шашпаш керек бул маселеде. өзбекстан тарап кээде «шашылыш чара көрөбүз, бат-бат бүтүрөбүз» деп, макулдашылбаган бир кадамдарды жасап жиберип атат. Менимче, бул туура эмес. Кыргызстан кичине өлкө болгондон кийин, чегара маселеси өтө оор болуп жатат. Дегеле кайсы мамлекет болбосун, чек ара маселеси - өтө оор иш. Анан, «Кыргызстан кичинекей мамлекет» дегенди көп айтып жүрөбүз. Бирок, менимче, эч кимден коркпош керек. Этияттык менен иштеш керек, бирок, коркпош керек.

- Анклавдар маселесин кантип чечиш керек деген ойдосуз? Дүйнөдө кандай тажрыйбалар бар?

- Анклавы бар өлкө аны мисалы, аскердик база түзүш үчүн пайдаланат. Же болбосо экологияга зыяндуу, адам өмүрүнө коркунучтуу уулуу заттардын калдыктарын көмүү үчүн пайдаланышы мүмкүн. Жалпы сөз менен айтканда, анклав – өтө коркунучтуу нерсе. Ошондуктан, менин оюмча, Кыргызстандагы анклавдар жоюлушу керек. Кандай жол менен жоюлат? Азыр айта тургандай ой-пикир жок, себеби, жакшы билбейбиз. Дүйнөлүк тажрыйбага келсек, мисалы, мындай анклавдар Беларус менен Литванын ортосунда бар болчу, алар алмашып бүтүрүштү. Анан Испания менен Марокконун ортосунда анклав маселеси бар. Марокко Испаниянын өкмөтүнө «анклавды бизге бергиле» деп кайрылып жатат, бирок ал чечиле элек. Ошондуктан, менин оюмча, Кыргызстандын өкмөтү чегара жана анклавдар боюнча жакшы иштеши керек болуп жатат. Ал үчүн чегара боюнча мамлекеттик агенттик түзүш керек болуп турат. Анда жалаң ушул суроолор боюнча иштеген адистер топтолушу зарыл. Бизде чегара маселесин жакшы билген адистер да тартыш. Адистерди даярдоо ишин да колго алуу керек. Анын үстүнө чегара маселеси - туруктуу маселе. «Кытай менен, Казакстан менен чегарабыз такталып бүтүп калды» дегинибиз менен, чегарага байланыштуу иштер дайыма боло берет. Ошондуктан чакан, бирок жалаң интеллектуалдар иштеген агенттик ачуу зарыл.

- Муратбек мырза, Өзбекстан кыргыз-өзбек чегарасына «коопсуздукту сактоо максатында» деп мина коюп салган эле. Андан Кыргызстандын атуулдары каза таап, жаракат алышты. Кыргызстандын жетекчилиги «минаны өз алдынча тазалайбыз» деген оюн да айтып жүрөт. Быйыл 11-12-июлда НАТОнун башкатчысы Жорж Робертсон Кыргызстанга келгенде президент Аскар Акаев чегараны заманбап жабдуулар менен тосууну сурап, НАТОго кайрылган болчу. Сиздин пикирди угаардан мурда президент Аскар Акаевдин ошол сөзүн дагы бир жолу уксак дейм:

- Мен лорд Жорж Робертсон мырзага биздин чегараларды коргонуучу техникалык жаңы тосмолор менен жабдууну сунуш кылып кайрылдым. Анткени мамлекеттин коопсуздугу чегараны бекемдөөдөн башталат. Чегараны мина тосмолору менен эмес, адамга зыяны жок заманбап электрондук жабдуулар менен бекемдеш керек.

Бул чегарага байланыштуу президент Аскар Акаевдин пикири болду. Эми, Муратбек мырза, «миналар маселесин кантип чечсе болот» деген суроого кандай дейсиз?

- Өзбекстан чегарага мина коюу менен эл аралык нормаларга туура келбеген иштерди жасап жатат. Мындан тышкары, мамлекеттер аралык жана Шериктеш Мамлекеттер Уюмунун алкагында кол коюлган келишимдерге каршы иш кылып жатат. Ошон үчүн бул туура эмес. Канчалаган каттарга жана ноталарга жооп болбой жатат. Премьер-министр Николай Танаевдин «минаны өз алдынча тазалоо ишин баштайбыз» дегенин мен деле туура көрүп жатам. Мурдатан бери эле биз Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык уюмдар аркылуу да бул маселени чечкенге аракет кылып келатабыз. Бирок Өзбекстан аларды укпайт экен.

- Ырахмат, Муратбек мырза. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун чегаралар боюнча өзгөчө пикири бар. Ишенбай Кадырбеков «кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чегараларын тактоо ишине Кыргызстандын Кытайга Үзөнгүкууш баштаган жерлерин берип койгону терс таасирин тийгизип жатат» деген оюн айтат. Бирок, депутат Ишенбай Кадырбековдун пикирин укканга чейин «Кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чегараларындагы жаңжалдардын арты кайгылуу окуяларга алып келиши мүмкүнбү?» деген суроого жооп издеген кесиптешим Жаркын Темирбаеванын макаласын сунуштасам. Эмесе сөз кезеги сизде, Жаркын айым.

Жаркын Темирбаева:
- Ырахмат, Кубат мырза. Чектеш жайгашкан Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттери чегара маселесин кылдат чечкенге аракеттенип жатышканы менен, эки тараптуу сүйлөшүүлөр оор болууда. Коюн-колтук алышып жашаган коңшулаш элдин бүгүнкү жол азабын тартып жаткандыгы да өкүнүч ойго түртпөй койбойт.

Өзбекстан менен чектешкен аймактарда бир топ талаш-тартыш жерлер көп экени ырасмий маалыматтардан белгилүү. Айрым талдоочулар «Өзбекстан чегара маселесине бир беткей карап жатат» деп келишет. өзгөчө, Сох анклавында бажы күзөттөрү күчтөндүрүлгөн.

Мен чегара маселесин жакындан билген адис катары Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук комитетинин мурдагы жетекчиси, экс-депутат, Террорчулукка жана диний экстремизге каршы күрөш боюнча регионалдык борбордун жетекчиси Иманберди Жалиловду сөзгө тарттым эле.

- Өзбекстан зордукчул аракеттерди жасап жатат. Кыргызстан тарап бир аз либералдуу мамиле жасоодо. Анткени Фергана облусуна Кыргызстандын унаалары кире албайт, ал эми алардын унаалары Кыргызстандын аймагына ээн-эркин кирип-чыгып жүрүшөт. Ал эми кыргыз тараптан Ферганага өтүү абдан оор, Кадамжай районунун тушундагы чегарада бир кыргыз тургуну атып өлтүрүлдү. Ал эми Баткен тарапка жакын жайгашкан чегараларга танкага каршы миналар коюлган, - деп, Иманберди Жалилов өзбек чегарачыларынан кыргыз тарапка ок атылып жатканына өкүнгөнүн билдирди.

«Өзбекстан эл аралык укук нормаларынын бар экенине карабастан, коңшулаш элдин эркин каттоосуна чек коюп жатканы адам укуктарын бузуу менен барабар» дейт Иманберди Жалилов. «Анткени чектеш аймактарга мина коюлган жерлердин карталары ушул күнгө чейин Кыргызстандын колуна тийбей жатат» дешет чегара маселеси боюнча иштеп жатышкан адистер. Ошондон улам адамдар да каза табууда. Мисалы, акыркы жолу Баткен облусунун тургуну Абдысатар Шамшиев быйыл 23-февралда Өзбекстан койгон минадан көз жумду. Мындан тышкары, бир канча адамдар минадан жаракат алышты. Минаны зыянсыздандыруу маселеси канча ирет көтөрүлдү? Азырынча ырасмий Ташкенден жооп жок. «Эгерде чегара маселеси жөнгө салынса, коңшулаш элдердин бири-бири менен болгон байланышы тереңдеп, экономикалык абал да бир аз жакшырмак» дейт Иманберди мырза.

- Ошого жараша Кыргызстан дагы адекваттуу мамиле кылышы керек. Мына, айрыкча түштүк жакта Өзбекстан менен соода-сатык, экономикалык интеграция кеңири шартталган, - деди Иманберди мырза. Мен ага «Чегара боюнча маселе мындан ары карай да чиеленише берсе, ал эмнеге алып келиши мүмкүн?» деген суроо менен кайрылдым. Ал мындайча жооп узатты:

- Чиеленишкен чегара маселеси жөнөкөй гана пенделик укуктардан ажыратып жатат. Себеби, тууган-уруктарына, өлүм-житимге барганда адамдарды зээниң кейий турган абалда кыйнап, аларды шылдыңдоого чейин барып жатышат. Эгерде минтип отурсак, улут аралык жаңжалдар чыгышы мүмкүн. Карасуу районунда Өзбекстандын чегарачылары кыргызстандык бир тургунду атып салышты. Араван районунда кыргыз тургунун өмүрүнө кол салуу болду. Мындай абал Кадамжай районунда кайталанып жатат. Баткен районунун жашоочуларына бул жүз миңдеген сомдук чыгымдарды алып келди. Азырынча кыргыз тарап Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жиберүү менен гана чектелип атат. Юридикалык кеңири бир кадамдар жасалган жок.

Кадырлуу угармандар, Сиздер Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук комитетинин мурдагы жетекчиси, экс-депутат, Террорчулукка жана диний экстремизге каршы күрөш боюнча регионалдык борбордун жетекчиси Иманберди Жалиловдун чек ара маселеси боюнча пикирин уктунуздар. Сөз кезеги кайрадан өзүңдө, Кубат мырза.

Кубат Оторбаев:
- Ырахмат, Жаркын айым. Азыр эми мурда убада кылынгандай, өзгөчө пикир катары Жогорку Кеңештин депутаты Ишенбай Кадырбековдун чегара боюнча оюн сунуш кылам:

- Кытайга жер бергенибиз чоң ката болуп калды, прецедент болуп. Негизи бир да мамлекет жерин бербейт. Бергенден кийин башка мамлекеттер менен чегара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканда алар ошону доомат катары, далил катары бетке кармашы мүмкүн. Бир жолу ката кетирген кыргыз бийлиги эми өзбекстанга болобу, Тажикстанга болобу, эч кимге бир сантиметр да жерди бербеши керек. Себеби, бир жолу уттурдук, эми эч кимге уттурбаш керек. Тилекке каршы, Кытай маселеси алар үчүн аргумент катары колго кармай турган мүмкүнчүлүк болуп калды.

Эми «Кыргызстан өз чегараларын кантип коргоп жатат? өзбекстандын чегарачыларынын ишине Кыргызстандын атуулдары кандай мамиледе?» деген суроолорго Ош облусундагы кабарчыбыз Кожогелди Култегин Ош-Анжиян жолундагы «Достук» чегара бекетинин мисалында айтып бермекчи:

Кожогелди Култегин:
- Бул маселе жөнүндө сөз болгондо кыргыз чегарачыларынын аздыгын, жетишпей жатканын айрыкча белгилешибиз керек. Маселен, Кыргызстандын Карасуу шаары менен Өзбекстандын Карасуу шаарын бөлүп турган Шархансай дарыясынын жээги Өзбекстандын чегарачы аскерлери тарабынан кайтарылып турат. Ал эми дарыянын Кыргызстан жак жээги Кыргызстандын милициясы тарабынан көзөмөлдөнөт. Бул өзүнчө парадокс.

6-9-октябрь күнү Каракулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндөгү дүрбөлөңдө да чегарачылар таптакыр жетпеди. Алайкууда «куралдуу топтор жүрөт» деген билдирүүдөн улам Оштон 100дөн ашык адам кошумча күч жиберилди. Ал топ негизинен атайын аскер бөлүгүнүн, Улуттук коопсуздук кызматынын жана милициянын кызматкерлеринен турду. Чегарачылардын аздыгына акчанын тартыштыгы себеп болуп жатыптыр. Демек, биринчи кезекте чегарачылардын санын көбөйтүү жана аларга бюджеттен көбүрөөк акча бөлүү зарылдыгы турат. Ал эми Өзбекстан менен Кыргызстанды байланыштыруучу чегара жана бажы бекеттеринде айрыкча карапайым эл катуу каржалууда.

Кубат Оторбаев:
- Ырахмат, Кожогелди мырза. Ушуну менен чегара боюнча маалымат-аналитикалык берүүнү аяктайм. Берүүнү Бишкектен мен, Кубат Оторбаев, сунуш кылдым. Берүүнү даярдоого кабарчылар Жаркын Суран кызы жана Кожогелди Култегин катышты.
XS
SM
MD
LG