Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Расмий иш сапары менен Азия мамлекеттерин кыдырып жүргөн Орусиянын президенти Владимир Путин 23-октябрда бир күндүк иш сапары менен Кыргызстанда болот. Эки президенттин катышуусунда ал күнү «Кант» аскер-аба базасынын расмий ачылышы жана «Орусия-Кыргызстан» инвестициялык форуму болушу күтүлөт.

Владимир Путин Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) кирген мамлекеттердин Кыргызстанда, “Кант” аба майданында жайгашып жаткан аскердик авиабазасынын расмий ачылыш салтанатына катышат. Бул базаны жайгаштыруу тууралуу макулдашууга президент Аскар Акаев сентябрдын этегинде Москвага иш сапары менен барганда кол коюлган болчу. Базаны жайгаштыруунун камылгалары былтыр башталып, алгачкы сынак декабрдын этегинде Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун катышуусунда өткөн. Ошондо Владимир Путин да Индиядагы иш сапарынан кайтып баратып, Кыргызстанга кайрылып кеткен.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагин дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында эки өлкөнүн, анын ичинде эки президенттин байма-бай жолугушууларын кызматташтыктагы өзгөчөлүк катары баалады. Ал бир ай ичинде эки мамлекеттин башчылары бийик деңгээлде эки жолу кездешип жатышканын дипломатиялык тажрыйбадагы сейрек көрүнүш катары сыпаттады.

Орусиянын Кыргызстанга мындай ылым санаган мамилесин талдоочулар аскердик базаны жайгаштыруу аркылуу Борбор Азияда өз таасирин күчөтүү аракети катары белгилешүүдө. Алардын пикиринде, Орусия антитеррордук күчтөрдүн “Ганси” авиабазасына атаандаш күчтү бул аймакта кармап турууга куштар.

Кыргызстандын жетекчилиги болсо ЖККУнун макулдашуусуна ылайык жайгашып жаткан бул компоненттин бир эле Кыргызстан үчүн эмес, жалпы регион үчүн пайдасын баса белгилеп келет. В. Путиндин иш сапарына байланыштуу өткөн маалымат жыйынында да ушул маселе козголду. Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева бул туурасында мындай деди:

- Бул авиабазанын Кыргызстанда жайгашышы биздин эле өлкөнүн эмес, уюмга мүчө болгон мамлекеттердин, атап айтканда, Армениянын, Беларустун, Орусиянын, Казакстандын, Тажикстандын да тынчтыгын жана бейкуттугун камсыздайт деп ойлойбуз. Дагы бир белгилеп койчу жагы - макулдашууну уюмдагы бардык мамлекеттер ратификациялады. Ошондуктан макулдашуу толук күчүнө кирди.

В. Путин катыша турган бул окуяны Бишкекте экинчи бир олуттуу иш-чара коштой турган болду. Ал – «Кыргызстан-Орусия» деп аталган инвестициялык форум. Тараптардын өкүлдөрүнүн пикирлерине караганда, бул форумда эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгындагы өтө маанилүү жагдайлар талкууланат.

Лидия Иманалиеванын айтымында, форумдун алкагында төрт башка «тегерек үстөл» жыйындары өтөт. Алар отун-энергетика, маалымат-коммуникациялык технология, өнөр жайын инвестициялоо багытындагы жана регионалдык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналат. 22-октябрда баштала турган бул форумга Орусия Федерациясынын вице-премьер-министр Виктор Христенко жетектеген бийлик өкүлдөрүнүн жана ишкерлеринин чоң тобу келип катышат. Ал эми эки президент инвестициялык форумдун жыйынтыктоочу отурумуна катышып, сөз сүйлөшөт.

Орусиялык делегация Кыргызстанда болгон учурда дагы эки макулдашууга - аскердик-техникалык кызматташтык жана аскердик-техникалык продукцияны үчүнчү өлкөгө сатуу тууралуу макулдашууларга кол коюлаары күтүлөт.

Элчи Евгений Шмагиндин айтымында, Кыргызстан менен Орусия ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты да чыңдоого аракет кылып жатышканын акыркы жылдардагы көрсөткүчтөр тастыктап турат.

- Экономикалык кызматташтык акыркы жылдары чыңдалып калды, - дейт ал. - 2000-2001-жылдары анын деңгээли абдан төмөндөп кеткен. Былтыр жалпы товар жүгүртүү 2 млн. долларга жетип, бир жарым эсе өстү.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге 1999-жылы кол коюлган. «Эки өлкө түбөлүк дос, кошуна эле эмес, шериктеш жана өнөктөш» дейт элчи Е. Шмагин.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG