Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

КАЗАНЧЫНЫН ӨЗ ЭРКИ КАЙДАН КУЛАК ЧЫГАРСА...


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактын экономикасын калыбына келтирүүдөгү ишкер келишимдердин олчойгон бөлүгү америкалык компаниялардын энчисине тийгендиги маалым. Бирок Иракты кайра куруу маселеси боюнча ушул жумада Мадридде өтө турган донорлор конференциясынан кийин жагдай башка өлкөлөрдүн пайдасына өзгөрүүсү ыктымал.

Ирактын экономикасын калыбына келтирүү боюнча ишкер келишимдердин алгачкылары өткөн жазда АКШнын Эл Аралык Өнүгүү Агенттиги "ЮСАИД" жана Американын Аскердик Инженерлер корпусу тарабынан сунуш кылынган болчу. Саддамдын режими кулатылган соң өлкөнүн экономиксындагы иштерди жөндөө милдети убактылуу ушул эки мекемеге жүктөлгөн.

ЮСАИДдин сентябрдын соңунда жарыялаган баяндамасына ылайык, түзүлгөн ишкер келишимдердин олчойгон бөлүгү америкалык компаниялардын үлүшүнө тийген. Мисалы, ишкер келишимдердин 10ун Бехтел аттуу америкалык курулуш дөө-шаасы өз энчисине баскан. Ирактын жана башка өлкөлөрдүн экономиканы калыбына келтирүү ишинен четте калганын ЮСАИДдин өкүлү Элен Жэнсон АКШнын мыйзамдары менен негиздейт. "Федералдык мыйзамдарга ылайык, дейт өкүл, биз баш келишимдерди биринчи кезекте америкалык компаниялар менен түзгөнгө тийишбиз. Анткени ал компаниялардын акчасы америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасынан топтолот. Бирок келишимге ээ АКШлык компания өзүнө башка эл аралык компанияларды, анын катарында, Ирактын фирмаларын ишкер шерик кылып алганга укуку бар", - деп кошумчалайт Жэнсон айым.

Агенттиктин маалыматы боюнча, өткөн жарым жылдын ичинде АКШнын БТР деген компаниясы ирактык фирмаларды бир миллиард долларлык ишкер заказдарды аткарганга тарткан. АКШнын Бехтел курулуш компаниясынын өкүлү Валери Казаньян 140 ишкер келишимдин 102син компания Ирактык фирмалар менен түзгөндүгүн бышыктайт. 102 келишимдин 79у мектептер, ооруканалар, клубдар жана административдик имараттарды калыбына келтирүү, автомашинелерди токтоткон жайларды оңдоо, Багдад аэропортундагы курулуш иштери менен байланыштуу болгон.

Ал эми аэропорттун сателлиттик байланыш, телекоммуникация, жүк ташуучу системасын оңдоо сыяктуу жогорку технологияларды талап кылган иштерин америкалык компаниялар өзүлөрүнө алышкан. Мисалы, Моторола компаниясына аэропорттун радиобайланыш системасын оңдоо милдети жүктөлгөн.

Бул жерден жогорку технологияны талап кылган иштер эле эмес, аз сарптоо менен тез арада киреше берген тармактарды да америкалык компаниялар ээлеп алышканын айта кетүү керек. Мисалы, Ирактын мунайын бөлүштүрүү сыяктуу эң кирешелүү келишимдердин бирин 2000-жылга чейин Американын вице-президенти Дик Чейнинин башкаруусунда болгон Халлибөртөн компаниясы алган. Өткөн жарым жылдын ичинде, АКШда Иракты кайра куруу ишине катышууга укуктук көмөк көрсөтүүнү сунуш кылган Нью Бриж Стратежис деген чоң ортомчу фирма пайда болду. Ал АКШлык фирмаларга Иракта иш таап берүүну сунуш кылат.

Укуктук жардам берүүчү америкалык фирмалардын дагы бирөө Ирактын өзүндө да кеңсесин ачкан. Багдаддагы Палестина мейманканасында жайгашкан юридикалык компаниянын интернет сайтында келтирилген жооптуу эки кызматкердин ысымдары да Иракты кайра куруу ишинен элита кол жалап жатканынан кабар берет. Кызматкерлерин бирөө - Ирактын Башкаруу Кеңешинин мүчөсү Ахмад Чалабинин жакын тууганы Салем Чалаби, ал эми экинчиси - АКШнын коргоо министринин орун басары Дуглас Фейттин мурдагы ишкер шериги Марк Целл болуп чыкты.

Ошентип, Иракты калыбына келтирүүдөгү эң майлуу- сүттүү тармактарды АКШ өз энчисине басканга үлгүргөн жана “Нью Йорк Таймс” гезити жазгандай, "Ирактагы согуштан саясий чөйрөлөр менен байланышы бар ишкерлер пайда көрүп жатышат".

Бирок башка өлкөлөрдүн ишкерлери донорлордун Мадридде өтө турган конференциясынан кийин абал кыйла өзгөрөөрүнөн үмүт кылышат. Анткени Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Ирак боюнча кабыл алынган резолюциясына ылайык, өлкөдө Ооганстандагыдай Өнүгүү Кору түзүлүп, аны башкаруу милдети Дүйнөлүк Банк менен Улуттар Уюмуна жүктөлөт. Бул жагдай Иракты кайра куруу ишине катышуу үчүн мурда талапкерлигин көрсөтүп, бирок келишим ала албай келаткан абройлуу эл аралык компаниялар үчүн жол ачылат деген ишенимди бекемдейт.

Дүйнөлүк Банк менен Улуттар Уюму Ирактын инвестицияларга эң ириде муктаж болуп жаткан 14 тармагын аныктап, келээрки бир нече жылдын ичинде өлкөнү калыбына келтирүү үчүн 36 миллиард доллар керек болоорун эсептеп чыгышты.
XS
SM
MD
LG