Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

ООГАНСТАН: КУРАЛСЫЗДАНУУНУН БАШТАЛЫШЫ ДА, НАТЫЙЖАСЫ ДА МААНИЛҮҮ


Улуттар уюму Ооганстанда мурдагы согушкерлерди куралсыздандырууга багытталган программасын ушул аптада ишке киргизген жатат. Эгер көптөн бери күтүлгөн бул жараян ийгиликтүү жүрө баштаса, анда 100 миңдей адам куралсызданмакчы.

Ооган согушкерлерин куралсыздандыруу боюнча көптөн бери күтүлгөн программа адегенде ушул жума күнү өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясынан башталган жатат. Алдын ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө караганда, бул жерде куралсыздануу жараянына тартыла турган адамдардын саны 1000дей. Келечекте Кундуз вилайетинде Германия өзүнүн 450дөй жоокерин жайгаштырмакчы. Куралсыздануу жараянына мурдагы согушкерлер өз ыктыяры менен катышышы керек, мылтыгын өткөргөндөргө программа боюнча бир ирээт жөлөк пул жана азык–түүлүк жардамы берилет, кесиптик даярдыктан өтүү жана билим алуу мүмкүнчүлүгү сунуш кылынат. Стратегиялык изилдөөлөр боюнча Лондондогу эл аралык институттун Ооганстан боюнча эксперти Кристофер Ленгтондун пикиринде, куралсыздануу мындагы реформаларга карата ишенимдин жаралышы үчүн зарыл. Ошондой эле анын оогандардын жалпы улуттук жыйыны – Лоя Жирганын алдында башталышы да мааниге ээ. Өлкөнүн Конституциясын кабыл алуу үчүн кезектеги Лоя Жирга декабрь айында өтөөрү күтүлүүдө:

- Бир нерсе башталган жатат. Бирок өтө эле чакан деңгээлде жана Лоя Жирганын алдында башталат. Бул Лоя Жирга кандайдыр бир өлчөмдө демобилизация, куралсыздануу, реабилитация болгонун сезиш үчүн анын алдында башталышы абзел. Себеби бул - жалпы коопсуздуктун, келечектин бир бөлүгү.

Бирок, Кристофер Ленгтон ыктыярдуулукка негизделип, бир эле учурда өз ара атаандашкан ооган тайпаларын камтыбаган куралсыздандыруу долбоорлору ийгиликке жетишине көп ишеңкиребейт. Соңку чейрек кылымдан бери согуштан башканы билбеген ооган моджахеддери куралы менен оңой эле кош айтышаар бекен? Көп нерсе алардын жана кол башчылардын турумуна байланыштуу болмокчу. БУУнун планына ылайык, эгер Кундузда иш жакшы жүрө баштаса, куралсыздандыруу боюнча пилоттук долбоорлор Пактика жана Бамиян провинцияларында да башталат. Ийгиликтердин уланышы өз кезегинде куралсыздандыруу жараянынын өлкөнүн бүткүл аймагына жайылышына жол ачмакчы.

Баш кеңсеси Брюсселде жайгашып, Эл аралык Кризис тобу деп аталган уюм ушул айдын башында жарыяланган отчетунда көргөзгөндөй, ооган башкалаасы Кабулдан сырткаркы жерлерде жетиштүү өлчөмдө эл аралык аскерлер же улуттук армия жок болгондуктан, куралсыздандыруу жараянындагы чечүүчү роль өлкөнүн Коргоо министрлигине таандык. Аталган уюмдун пикиринде, ушул жагдай да шектенүүлөрдү жаратууда. Жараянга коргоо министри Мохаммед Фахимге ыктыган куралдуу тайпалардын эле зыяны тийип калышы мүмкүн. Маселен, Фахим башкарган коргоо министрлиги азыр куралсыздандыруу программасы ишке киргизилүүчү райондордогу куралчандардын санын эсептеп, тактоочу 70 адамды дайындап, аларды окутууга милдеткер. Бирок ошол эле учурда Мазари–Шариф шаарынын жанында улам кайталанып жаткан уруштарга катышып жүргөн тайпалардын бири - коргоо министри Фахимдин фракциясы, башкача айтканда мурдагы Түндүк альянска жан тарткандардан. Эл аралык кризис тобу да куралсыздандыруу программасынын натыйжа берип, мурдагы согушкерлердин жай турмушка аралашуусу – Ооганстандагы маанилүү саясий жана укуктук рефорлардын, жаңы Конституциянын кабыл алынышынын, келээрки жылы шайлоо өтүшүнүн айныксыз шарттарынын бири деп эсептейт. Жакында БУУнун Коопсуздук Кеңеши Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрдүн мандатын кеңейтип, аларды провинцияларга да жайгаштырууга уруксат берген резолюция кабыл алган эле. Анын натыйжасында Ооганстанда эл аралык аскерлердин саны көбөйүп, алар куралсыздандыруу жараяны ийгиликтүү жүрүшүнө жардам бере алабы? Бул - азырынча күтүлүп жаткан гана нерсе.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG