Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Мыйзам чыгаруу жыйыны кышка даярдыкты талкуулайт


БИШКЕК. Эртең Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын отун-энергетика жана кардарлардын укугун коргоо маселелери боюнча комитеттери парламенттик талкуу өткөрүшөт. Анда өлкөнүн отун-энергетика тармагынын кышка даярдыгы жана кардарлардын укугун коргоо маселелери каралат. Депутат Алевтина Проненконун бүгүнкү маалыматына караганда, жыйынга өкмөттүн, Башкы прокуратуранын, энергетика тармагы боюнча мамлекеттик, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жер-жерлерден чакырылган кардарлар катышат. Анда энергетиканы сатуучу тараптар менен кардарлардын ортосунда түзүлө турган жаңы келишимди жокко чыгаруу маселеси да күн тартибине коюлат. Депутат А. Проненконун айтымында, бул келишим бир катар мыйзамдарга кайчы келип, Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөндүктөн, аны жокко чыгаруу талабы Башкы прокуратурага да жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG