Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:17

Өспүрүмдөрдүн жаза өтөөчү жайында жакшы шарттар түзүлүүдө


БИШКЕК. Карабалта шаарына жакын Вознесеновка айлындагы өспүрүмдөрдүн жаза өтөөчү жайында ун, кесме, нан чыгаруучу чакан ишканалар курулуп бүттү. Бул ишти Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги берген 40 миң доллар каражаттын эсебинен өлкөдөгү Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясы жүзөгө ашырууда. Анын төрайымы Токтайым Үмөталиеванын маалыматына караганда, өспүрүмдөрдүн иштеп тапкан акчасы алардын ар биринин наамына ачылган банктагы эсепке которулат. Мындан тышкары, жакында аталган жаза өтөөчү жайга окуу бөлмөсү жана Интернет байланышын камсыз кылган компьютердик класс ачылып, балдардын тышкы дүйнө менен байланышуусуна шарт түзүлөт.

XS
SM
MD
LG