Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:56

Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 104-орунду ээледи


БИШКЕК. «Басма сөз эркиндигинин индекси» аттуу экинчи рейтингде Кыргызстан 104-орунду ээледи. Бул туурасында бүгүн «Кабар» агенттиги маалымат таратты. Ал маалыматка караганда, «Чек арасыз репортерлор» аттуу эл аралык уюм дүйнөдөгү 166 өлкөнүн журналисттерин, укук коргоочуларын, юристтерин жана талдоочуларын сурамжылоонун негизинде басма сөз эркиндигинин индексин аныктаган. Анда КМШдагы мамлекеттердин ичинен Грузия 73-орунду ээлеп, басма сөзү эркин мамлекет катары бааланган. Андан кийин 90-орунду Армения, 94-орунду Молдова ээлеген. Азербайжан менен Тажикстан 113, Казакстан 138, Өзбекстан 154, Түркмөнстан 158-орунду ээлешкен. Басма сөзү эркин мамлекеттердин катарына Финляндия, Исландия, Нидерланды жана Норвегия кирген. АКШ менен Израилдеги басма сөздүн эркиндиги жалпы тизмеден тышкары өзүнчө иликтенип, АКШ 31, Израил 44-орунду ээлеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG