Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:58

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ БЕРҮҮ КЫЗМАТЫ АБАЛДЫ ОҢДОЙ АЛАБЫ?


Кыргыз-швейцариялык «Хельветас» агрардык программасынын жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен 1999-жылы Кыргызстанда Айылдык кеңеш берүү кызматы уюштурулган. Анын негизги максаты айыл чарбасында эмгектенгендерге кеп-кеңеш берип, жаңылыктарды колдоо болуп саналат. Айрым адистер «Айылдык кеңеш берүү кызматы Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин ишин алмаштырып жатат, пайдасы көп болду» дешсе, айрымдары «Айылдык кеңеш берүү кызматынын иши жылбай калды» деген пикирин айтышууда.

Кыргыз-швейцариялык агрардык программанын жана Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен 4 жылдан бери өлкөнүн 39 районунда айылдык кеңеш берүү кызматтары иштеп келатат. Анын ишине Швейцариянын «Хельветас» аттуу эл аралык өнүктүрүү агенттиги көзөмөлдүк кылат. Айылдык кеңеш берүү кызматтарында негизинен кыргызстандыктар иштейт.

Жыл сайын «Айылдык кеңеш берүү кызматынын күнү» деген жыйын өтүп турат. Быйылкы жыйын Каракол шаарында өтүп, анда дыйкандардын, фермерлердин мыкты деп табылган иштери көрсөтүлдү. Алардын арасында Нарындан келген Ажар Дүйшөналиеванын кийиз, шырдак жасаш үчүн табигый өсүмдүктөрдөн боёк алуучу, Кемин районунан келген Жаныбек Бейшеналиевдин адамдын кол күчү менен картошка сорттоочу аппараттары, Ноокенден келген Абдриш Ажыматов менен Муктар Төрөгелдиевдин кол күчү менен жер семирткич жана үрөн себе турган жабдуусу кызыгуу жаратты. Бирок химиялык боёктун жоктугунан табигый боёк алуучу, картошка сорттоочу комбайндын жоктугунан адамдын кол күчү менен картошка сорттоочу аппарат, ал эми техниканын жоктугунан кол күчү менен жер семирткич себүүчү аппарат жасалып жатканы түшүнүктүү болду.

Ошондон улам «Айылдык кеңеш берүү кызматынын иши жемиш берип жатканына ишенесизби?» деген сурообузга Айылдык кеңеш берүү кызматында 1998-жылдан бери иштеп келаткан, учурда Бишкектеги кеңеш берип окутуу борборунда эмгектенген Мурат Айтматов мындай жооп берди:

- Айылдык кеңеш берүү кызматы керек. Анткени агроном да, зоотехник да, мугалим да фермер болду. Бирок жерди билген адам үрөндү билбейт, үрөндү билсе аны кайда сатаарын билбейт. Башкасын айтпай эле коеюн.

Мурат Айтматовду Кыргызстанда 1994-95-жылдардан бери иштеп келаткан Айылдык кеңеш кызматынын башкы кеңешчиси Маркус Арбенц да колдоого алды. Маркус Арбенц кыргыз тилин үйрөнүп алыптыр, так сүйлөйт экен.

- Мисалы, биздин 3500 мүчөбүз, 5000ден ашуун кардарыбыз бар экен. Алар кеңеш алат, билим алат, анан аларды өз турмушунда колдонуп келатышат,- деди Маркус Арбенц.

Караколдо өткөн жыйында бул жолу Ысыккөл облусунун айылдык кеңеш берүү кызматынын иши мыкты деп табылды. Анткени бул жерде дыйкандар кеңеш берүү кызматынын жардамын сезип жатышыптыр. Алсак, Ысыккөл районунун Жаркынбаев айылынын фермери Табылды Шадыканов 2 гектар жерге алма, алмурут отургузуп, жакшы түшүм алып турган убагы. Табылды Шадыканов «алган түшүмүмдү кайсы жерге кымбат сата ала турганымды айылдык кеңеш кызматынан билдим» дейт:

- Азыр өзүңүздөр көрүп тургандай, 12 тонна алмурут жыйнадым. Аны Казакстандын шаарларына алып барып сатайын деп жатам, кайсы жерде баа жогору экенин айылдык кеңеш кызматынан сурадым.

Ысыккөл районунун айылдык кеңеш берүү кызматынын кеңешчиси Рая Баймуратованын айтымында, райондо кеңеш берүү кызматынын күчү менен алгылыктуу иштер жасалып келатат.

- Алгач баштаганда аялдардын 5 тобу бар болчу, азыр алардын саны 30га жетти. Жашылча-жемиштердин жаңы сортторун алып келип, алардан жакшы түшүм алуу боюнча кеңеш берип келатабыз. Аларды сатуу боюнча да кеп-кеңештерибизди беребиз. Андан тышкары, кол өнөрчүлүк багытында да иштеп келатабыз. Мисалы, жүндөн кийиз, кийизден ар түрдүү сувенирлерди жасаганга көмөктөшөбүз. Курактын жаңы түрлөрүн таап, аларды жайылтабыз, - деди Рая Баймуратова.

Антсе да облустун дыйкандары менен фермерлери калган жерлердегидей эле кыйынчылыктарды баштан кечиришүүдө. «Өзгөчө быйыл күйүүчү май кымбат болду» дейт Табылды Шадыканов:

- Күйүүчү май абдан кымбаттап кетти. Биз, дыйкандар, мындайды күткөн эмеспиз. Азыр бир литр солярка 15 сомго жетти. Өзүбүздө комбайн жокко эсе, баары сырттан келип, чоң акчага чабышат.

Ысыккөл районундагы айылдык кеңеш берүү кызматынын кеңешчиси Самаган Аламановдун сөзүнө караганда, азыр дыйкандарга жакшы үрөн жана жер семирткичтер жетишпей атат.

Тамчы айлынын тургуну, «Таштокум» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бактыгүл Асаналиева кийизден ар кандай кол өнөрчүлүк буюмдарын жасап келатат. Анын айтымында, айылдык кеңеш берүү кызматтары аларга жардам бергени менен, Тамчы айыл өкмөтү тарабынан колдоо жок.

- 1998-жылдан бери бир имаратта иштеп келатканбыз. Анан айыл өкмөтү «ал имаратты бошоткула, же болбосо 250 миң сомго сатып алгыла» деди. Бизде андай акча жок болгондуктан, бошотуп бердик. Азыр ал жер бош эле турат, болгону бир киши эт сатат. Айыл өкмөтү бизди жакырчылыктан чыгаргандын ордуна ушинтет. Сувенир керек болгондо «Бактыгүл бар эмеспи» деп чуркап келишет, - деп нааразы болду Бактыгүл Асаналиева.
XS
SM
MD
LG