Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Германияда эржүрөк парашютисттин өмүрүн кран сактап калды


Мюнхен шаарында бүгүн бийиктиги 145 метрлик имараттын чатырынан парашют менен жерге конмокчу болгон адам кокустуктун аркасында гана аман калды. Анткени анын парашюту ачылбай калып, көздөрү чачырап ылдый көздөй учуп келатканда, имараттын алдындагы курулуш кранына илинип калган. 32 жаштагы өмүрүн жарга такаганды жакшы көргөн австриялык жигит парашюту менен кошо аны куткаруучулар аман-эсен жерге түшүргөнчө бир саатка жакын 45 метрдей бийиктикте крандын учунда илинип турду. Полиция парашютту мыйзамсыз колдонуу боюнча иш ачып, 450 еврону күрөөгө алгандан кийин жолдуу жигитке акыл-насаат айтып, үйүнө коё берди.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG