Шейшембиде ал Кыргызстандын премьер-министри Н.Танаев менен баарлашты. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, Эрдоган сапар учурунда кыргыз президенти А.Акаев баштаган жетекчилер менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык алакаларды талкуулайт. Түрк премьерин Кыргызстанга 100 чакты бизнесмен коштоп барышты.