Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ШАЙЛАНГАНЫ ТАЛАШ ТУУДУРГАН ИЛХАМ АЛИЕВ ОППОЗИЦИЯНЫ КЫСЫМГА АЛУУДА


Азербайжан Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрдагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, мөөнөтү аяктап жаткан президент Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев добуштардын дээрлик 77 пайызын алып, жеңишке жетишкенин маалымдады. Оппозициячыл саясатчы Иса Гамбар болсо шайлоодо өзүнүн жеңип чыкканын айтууда. Өткөн дем алыш күндөрүнөн бери ондогон оппозициячыл саясатчылар убактылуу камакка алынды.

Азербайжанда өткөн аптада өткөрүлгөн президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы дагы эле талаш-тартыштуу маселе бойдон кала берүүдө. Дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Анда жалпы добуштун дээрлик 77 пайызы премьер-министр Илхам Алиев үчүн берилгени, добуш берген шайлоочулардын 14 пайызы Мусават партиясынын жетекчиси Иса Гамбарды колдогону, калган алты талапкер добуштардын калган-катканын алганы айтылат.

Бирок Иса Гамбардын тарапкерлери шайлоо жыйынтыгы одоно бурмаланды, чын-чынында Гамбар мырза жеңип чыккан деп айтышууда. Оппозициячыл күчтөр менен полициянын шайлоодон кийинки күнү – бейшембидеги кагылышуусунун айынан бери дегенде бир киши набыт болду. Укук коргоочулардын айтымында, кагылышуу маалында 300дөй киши, өкмөттүн маалымдашынча, 20 карапайым атуул жана 50 полициячы ар кандай деңгээлде жаракат алышкан.

Ишемби күнү бул окуялар тууралуу чыгып сүйлөгөн Илхам Алиев тополоң үчүн оппозициялык жетекчилер күнөөлүү деп айтты:

- Мен 16-октябрдагы окуяларды тополоң катары баалайм. Аны тээ 1990-жылдардын башында өлкөнү коогалаңга кириптер кылган баягы эле кишилер шыкактап, өлкөнү кайра коогалаң жарына такоого далаалат кылышты. Бул окуяны мен баш-аламандык менен анархияны жаратуу аракети деп санайм. Бирок мындай кырдаалга жол жок.

Илхам Алиевдин оюнча, оппозициячыл лидер Иса Гамбар провокатор, шыкакчы катары эл жектөөсүнө арзыйт.

Ал эми азери оппозициясы бул тополоңду өкмөт өзү уюштуруп, шайлоонун бурмаланганынан калайык көңүлүн алагды кылуу үчүн далбас уруп жатат деген ойдо. Илхам Алиевдин негизги атаандашы, Мусават партиясынын башчысы Иса Гамбар өз тарапкерлери мыйзам нугунда гана күрөшүп келгенин айтты:

- Эч кандай коркутуп-үркүтүүлөр мени жана менин шериктеримди коркута албайт. Азыркы тапка чейин биз өз күрөшүбүздү Азербайжан Конституциясынын алкагында жүргүзүп келдик. Биз мындан ары да, камакка алууларга жана жазалоолорго карабастан, демократия үчүн тынчтык усулдары менен күрөшүбүздү уланта беребиз. Анткени өз ишибиз туура экенине биз ишенебиз.

Камакка алынган 200дөй оппозициячыл саясатчылардын жана өкмөткө нааразы шайлоочулардын арасында Үмүт партиясынын жетекчиси Ыкбал Агазаде да бар. Анын депутаттык кол тийбестик укугун парламент 17-октябрда алып салган. Укук коргоочулардын айтымында, саясат менен иши жок нечендеген кишилер да ур-токмокко алынып, же абакта кармалган учурлар да арбын. Баш кеңсеси Брүсселде жайгашкан Журналисттердин эл аралык федерациясы 73төй журналисттин полиция тарабынан ур-токмокко алынышына каршы нааразылыгын билдирди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да шайлоонун жүрүшүн кескин сынга алып, Азербайжан эркин жана калыс шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн бул жолу да текке кетирди деп билдирди. ЕККУнун сынына АКШнын Мамлекеттик департаменти да өз үнүн кошту. Департаменттин басма сөз өкүлү Адам Эрели:

- Биз да Азербайжандагы шайлоодон кийинки зомбулук көрүнүштөрүнө тынчызданып жатабыз. Өкмөттү да, оппозициялык партияларды да мындай зомбулук аракеттерди токтотууга чакырдык. Кылмыш кылгандар, ашкере күч колдонгон полициячылар сыяктуу эле, тийешелүү жазасын алууга тийиш. Демократиялык түзүлүштө мындай зомбулук көрүнүштөрүнө орун жок.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары расмий Бакуга кайрылып, азери өкмөтүнөн шайлоодон кийинки тополоңду оппозицияга каршы зомбулук аракеттерди күчөтүү үчүн шылтоо кылбоону, камакка алынгандарды тез арада бошотууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG