Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:06

Кожогелди Култегин, Ош http://gdb.rferl.org/15B0EE21-EC44-4611-938A-69A6D796BA50_w203.gif СПИД илдетин пайда кылчу ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны Кыргызстан боюнча азыр 382 адамды түзсө, алардын 60% ашыгы, тактап айтсак 229 Ош облусунун аймагында аныкталган.

Ош облусунда ВИЧ-инфекция жуктургандардын жалпы санын облустагы СПИДге каршы күрөш борборунун эпидемиолог-дарыгери Маматкасым Жемуратов төмөндөгүчө жайып көрсөттү:

- Ош шаарына 154 киши туура келет, Карасуу районуна 68, Ноокат районуна 3, Алай районуна 2, Өзгөн районуна 1, Араван районуна 1 киши туура келет. СПИД оорусуна чалдыккандардын 218и эркек кишилер, он бири аялдар. 224 киши баңгизаттарды ийне аркылуу сайынып жатканда ушул дартты жуктуруп алышкан, ал эми 5 киши жыныстык катнаш учурунда жуктуруп алган.

Жакында эл аралык «Чыгыш-Батыш» СПИД фонду СПИДге каршы күрөштү Тажикстанда күчөтүү боюнча Дүйшөмбү шаарында конференция өткөргөн. Маматкасым Жемуратов ошого катышып, Оштогу тажрыйбаларды ортого салып келди. Тажикстандагы СПИДге байланыштуу жалпы эсеп, анын айтуусунда, төмөнкүчө:

- Тажикстан Республикасы боюнча 96 киши СПИД оорусуна чалдыккан экен. Ошонун 60% - Дүйшөмбү шаарынын тургундары. Калгандары өлкөнүн облустары менен райондорунан экен.

Кызык жери, ВИЧ-инфекцияга кабылгандардын 95% ашыгы Кыргызстанда да, Тажикстанда да баңгизатты ийне аркылуу сайынып атып ушул дартты жугузушкан. Ал эми баңгизат Кыргызстандын Баткен, Жалалабад облустарына да, жалпы жонунан Тажикстанга да Оштогудан кем эмес өлчөмдө келээри далилденип жүрөт. Анда эмне үчүн Оштогу ВИЧ-инфекция жуктургандардын саны 229 адам да, Баткенде 6, Жалалабадда 13, жалпы Тажикстанда 96 адам? Мунун баары ошол жерлердеги СПИДге каршы күрөш борборлорунун иш тажрыйбасына, адистердин деңгээлине, соңку технологиялар менен жабдылышына, СПИД илдетин изилдеп, аныктоо мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу десек жаңылышпайбыз. Бул пикирди Маматкасым Жемуратов да Тажикстандын мисалында мындайча бышыктайт:

- Алардын СПИД борбору мурдагы жылдары жабык болгон экен, согушка байланыштуу. Бир жарым жылдан бери ачылып, азыр каржыланып, эми жаңыдан иштей баштаптыр. Бул жерде алардын иштей турган иштери көп. Мисал үчүн, биздин облуста түрмөдөн, ооруканалардан жана өзү келип кан тапшыргандардан көпчүлүк көрсөтмө боюнча кан алабыз, СПИДге текшеребиз. Ал жерде өздөрү каалап тапшыргандардан гана кан алышат экен. Ошого байланыштуу аларда СПИДдин саны аз көрсөтүлгөн.

Ош облустук СПИДге каршы күрөш борборунун башкы дарыгери Түгөлбай Мамаев да Кыргызстандын Баткен, Жалалабад облустарындагы оорулуулардын аздыгын Ош менен төмөнкү жагдайда салыштырат:

- Биз айтып атабыз: бүгүнкү күндө бизде, Ош облусунда, 1200гө жакын баңги каттоодо турса, биз аларды иш жүзүндө кеминде 10 миңге жакын деп айта алабыз. Ушундай эле абал Баткенде, Жалалабадда болушу мүмкүн. Бирок булардын адистери азыр жаңы кызматтар ачылгандан кийин, эми гана иштей башташты. Өткөндө барып, милиция менен кантип иштеш керектигин түшүндүрүп, жалалабаддыктарга атайын семинар өткөрүп келдик. Биз милиция менен тыгыз байланыштабыз. Алар баңгилерди тапса бизге алып келишет, же наркодиспансерге алып барышат. Же биз ошол жерден өздөрүнө барып кан алабыз.

Кийинки кезде «Чыгыш-Батыш» СПИД фонду сыяктуу эл аралык уюмдар СПИДге каршы күрөштү Фергана өрөөнүндө айрыкча күчөтүп, Фергана өрөөнүндө өзүнчө иш жүргүзүүгө бел байлаганы да жөн жерден чыкпаса керек. СПИДге каршы күрөштүн деңгээли жана оорулууларды аныктоо мүмкүнчүлүгү боюнча Ош бул аймакта өзүнчө лидер. Андыктан Орто Азиядагы бардык жыйындар Оштун адистери катышмайынча өтпөй калды. Республикалык «СПИД» бирикмесинин башкы директору Борис Шапиро да Глобалдык Фонддон Кыргызстанга бөлүнө турган 17 млн. доллардын кыйла бөлүгүн Ошко бөлүүгө куштар. Ал бул жерде СПИД илдетин аныктоочу, Бишкектегидей лаборатория ачууга ниеттенет. «Ал лаборатория Кыргызстандын түштүк облустарына арналат» деп айтылганы менен, келечекте жалпы Фергана өрөөнүнө да кызмат кылышы ажеп эмес. Ал эми адистер «буюрса Ошто быйыл ВИЧ-инфекция жуктургандардын саны мурунку жылдардагыдан аз болот» деген үмүттө. Бул илдетти 2001-жылы 88 киши, 2002-жылы дагы 88 киши жугузган. Азырынча быйыл андайлардын саны 51 киши болду. «Жыл аягына чейин бул сан 70ке жетпестир» дешет адистер.

- Үч жылдан бери баңгилердин арасында ийне алмаштыруу ыкмасын киргизгенбиз. Бул ыкма Бишкекте жана Ошто бар. Бүгүнкү күндө Ошто 1200гө жакын баңги ийне алмаштырат. Мындан тышкары, баңгизаттан кантип баш тартса болоорун түшүндүрүп, «Метадон» деген программаны ишке киргизгенбиз. Ошол таасирин берип атат, - дейт Түгөлбай Мамаев. Ал мындай аракеттер сөзсүз натыйжа берет деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG