Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

ЭНЕРГЕТИКА ТАРМАГЫНЫН АБАЛЫ ООР


22-октябрда Жогорку Кеңеште парламенттик-коомдук талкуу болуп, анда отун-энергетика тармагынын абалы жана кышка даярдыктын жүрүшү талкууланды. Электр энергиясын өндүрүп, сатуучу ишканалардын жетекчилеринин айтымында, электр энергиясы үчүн элдин акча төлөбөй жатканы абалды оорлотуп жатат. Ал эми мындай пикирге макул болбогон бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар «тармактын алга жылбай жатышына коррупция тоскоол болууда» дешет.

Парламенттик-коомдук талкууга электр энергиясын өндүрүп, ташып, сатуучу компаниялардын жетекчилери, Бишкек ТЭЦинин башчысы, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар катышты. Жыйында белгиленгендей, энергетика тармагы өндүрүлгөн электр энергиясынын акчасын жыйнай албай жатканы аз келгенсип, электр энергиясын жоготуунун көлөмү да азайган жок. Тармак ушундан жапа чегүүдө. Электр энергиясын өндүрүп, сатуучу ишканалардын жетекчилери «эл акча төлөбөйт, уурулук көп болуп атат» деп, керектөөчүлөрдү айыпташты. Ушу тапта республика боюнча керектөөчүлөр өндүрүүчүлөргө 2,5 млрд. сом карыз. Бул маселе тууралуу «Электр станциялары» акционердик коомунун башкы директору Сагынбек Дордоев мындай деди:

- Бөлүштүрүп, сатуучу компаниялардын «Электр станцияларына» бере турган карызы быйылкы жылдын 8 айында 56,7% өстү. Бул 1,5 млрд. сомго жакын. Бул былтыркыга караганда абал начар дегенди билдирет. Анткени өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде карыздар 30% өскөн болчу.

Сагынбек Дордоевдин айтымында, электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү нак акча менен кайтаргандардын саны да барган сайын азайууда.

Жыйында бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана депутаттар «электр энергиясын бөлүштүрүп сатуучу компаниялар менен керектөөчүлөрдүн ортосунда келишимдин жоктугу абалга терс таасирин тийгизип жатат» дешти. Мындай келишимди керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу «ЮСТИН» коомдук бирикмеси Антимонополия боюнча комитет менен бирге иштеп чыккан. Бирок аны электр энергиясы боюнча компаниялар өз кызыкчылыктарына ылайык оңдоп туруп, Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп жиберишкен. Юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаев «келишимди каттоо боюнча чечимди жокко чыгаруу же ага оңдоолорду киргизүү боюнча маселени карап көрөлү» деди.

Жыйынга катышкан депутаттар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү «электр энергиясынын баасы өтө кымбат, ал аз келгенсип сапаты начар» дешти. Алсак, керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу «ЮСТИН» коомдук бирикмесинин жетекчиси Анатолий Шкарубанын айтымында, керектөөчүлөргө сунушталып жаткан электр энергиясынын чыңалуусу талапка жооп бербейт.

- Чыңалуу 80-100дөн ашпайт, эч убакта 220 вольтко жетпейт. Муну биз кичирайондордогу үйлөрдөн текшерип көрдүк. Кыш келе электегиси ушул, - деди Анатолий Шкаруба.

Жыйында Сагынбек Дордоевге депутаттар бир топ сын айтышты. Алсак, Турдакун Усубалиев: «Эмне себептен өзүбүздүн Каракеченин көмүрү турса, Казакстандан кымбат көмүр сатып аласыңар?» деп сурады.

- Алганда да түз албай, ортомчулар аркылуу алат экенсиңер. Казакстандын өкмөтү «түз алгыла» деп сунуш кылып келатат, - деди Турдакун Усубалиев.

Анын ушул сыяктуу суроолоруна так жооп болбогон соң, депутат Александр Карпасов да Сагынбек Дордоевге кайра-кайра ушундай суроо берип атып, акыры араңдан зорго жооп алды. Дордоевдин айтымында, быйыл Казакстандагы бир катар фирмалар менен 1,5 млрд. тонна көмүргө келишим түзүлгөн. Мисалы, КР-0-200 маркасындагы көмүрдүн бир тоннасын 21 доллардан сатып алуу макулдашылган. Бирок Александр Карпасов Казакстандан мындай көмүрдү 17-18 доллардан сатып алса болоорун, эмне себептен «Электр станциялары» компаниясы көмүрдү кымбат сатып алып атканын текшерүүнү өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрыла турганын билдирди.

Жыйында «тармактын иши алга жылбай жатышына коррупция тоскоол болуп жатат» деген пикирлер көп айтылды. Мисалы, депутат Турдакун Усубалиев «элет жеринде электр энергиясы тез-тез өчүрүлгөнү аз келгенсип, бузулуп калган электр бөлүштүрүүчү станцияларды эл өз күчү менен акча чогултуп, өз күчү менен оңдогон мыйзамсыз фактылар көп» деди. «Эл электрге акча төлөгөнү менен, ал каражаттардын көбү бюджетке түшпөй, көзөмөлдөөчүнүн чөнтөгүнө түшүп жатат» дейт Турдакун Усубалиев.

Быйыл июль айында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык комиссиясынын жыйынында «Электр станциялары» компаниясына Бишкек ТЭЦи үчүн 230 млн. куб. метр газ берүү тууралуу протоколго кол коюлган. Бирок ушул убакка чейин өзбек тарап газ бере элек. Ал эми Бишкек ТЭЦине газ берүүнү Өзбекстан 1-апрелде эле токтоткон. Бишкек ТЭЦи болсо газды «Кыргызгаздан» алып жагып келатат. Ал аз келгенсип, «Кыргызгаз» акционердик коомунун «Узтрансгазга» 11,5 млн. доллар карызы да төлөнбөй келатат.

«Электр станциялары» компаниясынын Өзбекстан менен түзгөн газ тууралуу келишиминен тышкары, Казакстандын фирмалары менен 612,5 миң тонна көмүр жана 5 миң тонна мазут сатып алуу тууралуу келишимдери да аткарылган эмес. Буга окшогон кемчиликтер көп болгондуктан, депутаттар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү «кышка даярдык начар» деген жыйынтыкка келишти.
XS
SM
MD
LG