Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Ирандын өзүнүн өзөктүк программалары тынчтык максатты гана көздөөрүн далилдөө боюнча берген убадалары этияттык менен кубаттоого алынууда. Иран кечээ Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ уюмунун талаптарын аткарып, Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин кошумча протоколуна кол коюуга макул болду. Тегеран ошондой эле уранды байытуу иштери убактысынча токтотулаарын жарыялады. Бирок МАГАТЭнин пикиринде, али жооп алына турган суроолор көп.

Эгер Иран чын эле берилген убадаларын аткарса, бул - европалык дипломатиянын жеңиши экени талашсыз. Европа Биримдигинин ири үч өлкөсү: Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери бир нече айдан бери созулуп келе жаткан талаштын түйүнүн чечип, шейшембиде Тегеранда өткөн сүйлөшүүлөрдүн соңунда иран бийликтерин Атом энергетикасы боюнча эл аралык уюм – МАГАТЭнин талаптарына моюн сунууга көндүрө алды. МАГАТЭ Иранга өзөктүк программалары тынчтык максатты гана көздөөрүн далилдөөсү үчүн 31-октябрга чейин убакыт берген болчу. Ал эми Тегерандын МАГАТЭ койгон талаптарды четке кагуусу, өз кезегинде аларга каршы санкция колдонуу үчүн маселе БУУнун Коопсуздук Кеңешинде каралышына алып барышы мүмкүн эле. Көптөн бери көнбөй келген Иран эми Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү эл аралык келишимдин кошумча протоколуна кол коюуга макул болду жана уранды байытуу иштерин убактысынча токтотоорун жарыялады. Өлкөдөгү өзөктүк жайларды МАГАТЭнин эксперттеринин кеңири инспекциялоосуна жол ачуучу ал документке качан кол коюлаары азырынча белгисиз. Ирандын Улуттук Коопсуздук Кеңешинин катчысы Хасан Рауханинин айтымында, балким кошумча протокол ноябрдын 20сына чейин кабыл алынат. Ошондой эле Хасан Раухани Тегерандагы басма сөз жыйынында Иран уранды байытуу иштерин өз кызыкчылыгында токтотуп жатканын, аны качан кааласа уланта алаарын кошумчалады. МАГАТЭ Тегерандын соңку жарыясын "үмүт берген ишаара" деп атады.Уюмдун өкүлү Мелисса Флеминг айым кошумча протоколго 31–октябрга чейин кол коюу талап кылынбастыгын биздин радиого берген маегинде ырастады. Анткен менен Ирандын документти болушунча тезирээк кабыл алып, аткара баштоосу келечек үчүн маанилүү. Мелисса Флемингдин айтымында, МАГАТЭ Тегерандан жооп алгысы келген суроолор арбын:

- Ирандан алдыдагы күндөрү, 31-октябрга чейин күтүлгөн нерсе - өзөктүк программаларына байланышкан соңку иштерин бардык тараптан ачыктоосу. Өткөн бир нече айдын ичиндеги ургалдуу иликтөөлөрдүн аркасында МАГАТЭнин инспекторлору тарабынан көп суроолор көтөрүлгөн. Эл аралык коомчулукту канааттандыруу үчүн бул суроолорго жооп берүү зарыл.

Иранды жашыруун жагдайда өзөктүк курал программасын өнүктүрүп жатканы үчүн айыптап жүргөн АКШ Тегерандан түшкөн акыркы жаңылыктарды этияттык менен кубаттады. "Кыязы ирандыктар эркин дүйнөнүн талаптарын кабыл алып жаткандай, эми алар бул талаптарды кабыл алып жатканын далилдеши керек. Бул абдан жакшы өнүгүү", - деди президент Ж.Буш өз сөзүндө.

Иран бийликтери менен сүйлөшүү жүргүзгөндөрдүн бири, Германия тышкы иштер министри Йошка Фишердин айтымында да, эми маселенин баары Иран берилген убадаларды кандай орундатаарында жатат:

- Биз чөлкөм үчүн, өлкө үчүн, эл аралык коомчулук үчүн, биз үчүн окуялардын терс өнүгүшүн алдын алууну кааладык. Бул үчүн бир нече ай иштедик. Биз Түндүк Кореяга байланыштуу Корей жарым аралында ээ болгондой дагы бир тирешүүнү алдын алууга аракеттенип жатабыз. Менимче, бул - көңүл бура турган иш. Бирок биз көздөгөндү чын деп ойлонгондордон эмеспиз, реалистпиз. Демек эми бардыгы аткарылышта.

Белгилей кетчи нерсе, Европа Биримдиги - Ирандын соода боюнча ири өнөктөшү. Тараптардын товар жүгүртүүсүнүн көлөмү жылына 13 миллиард долларга чейин жетет. Ушул жүйөөдөн улам Германия, Франция, Британиянын өкмөттөрү Ирандын өзөктүк программаларына байланышкан талашты чечүү ишине активдүү аралашууда. Аталган үч өлкөнүн тышкы иштер министрлери Иранга эгер алар Өзөктүк куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү келишимдин кошумча протоколуна кол коюп, МАГАТЭнин талаптарын аткарса, Ирандын өзөктүк программаларын тынчтык максатта өнүктүрүүсүнө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн сунушташкан. Азыркыга чейин Иранга бул тармакта бир гана Орусия өнөктөш болчу. АКШ Москваны Тегеранга Бушер атомдук электростанциясынын курулушуна жардам берип жаткан үчүн сынга алып жүргөн эле. Орусия эгер Иран өзөктүк курал жасоого умтулбаганы чын болсо, бул жааттагы кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG