Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

ООГАНСТАНДА ИЛБИРСТЕР ЖАНА 40 ЧИЛТЕНДИН ҮҢКҮРҮ КОРГООГО МУКТАЖ


Ооганстандын Гиндукуш тоолорунда Мухаммед Захир шах аң уулап, Ажар капчыгайына каттап турган. Бул аймак 1977-жылы улуттук жаратылыш коругу деп жарыяланган, бирок советтик баскынчылыктын, ички согуштардын айынан бул жактар кароосуз калган. Жакында Азаттыктын кабарчысы Жейэм Ледгард жарым кылымдан бери чет элдиктердин буту баспаган Ажар капчыгайында болуп кайтты. Ледгард Ооганстандан жиберген маалымдама менен Жаңыл Жусубжан тааныштырат.

1979-жылы Советтик аскерлер басып киргенге чейин, Ооганстанда алты жаратылыш коругу болгон. Алардын бири - Ажар капчыгайы Гиндукуш тоолорунун батыш тарабында, Саманган жана Бамян провинциялары чектешкен жерде жайгашкан. Капчыгай атына заты бап келип, ажарлуу жер. Алтын түстүү аскалар менен курчалган кууш босого бара бара жайык өрөөнгө өтөт. Эң төрүндө бир чакырымдай бийик жардын түбүндө Кырк Чилтендин үңкүрү бар. Ажар өзөнү дал ушул үңкүрдөн оргуп чыгып, башат алат. Өзөн андан ары Арал деңизине карай кеткен Амудайрага барып куят. Жергиликтүү элдин ишениминде, бул үңкүрдө жер каймактагандан бери сыйкырдуу 40 чилтен жашайт. Ооганстандын падышасы Захир шах 1952-жылдан 1974-жылга чейин Ажар капчыгайынын төрүндө жайлап, аң уулап кетип турган. Азыр падышанын үжүрөсү чалдыбарга айланган. Бассейн чалчык сууга толгон. Мончонун дубалына Захир шах өз колу менен чаптаган чопо такталар эбак сыйрылып түшүп, калың чөптө чачылып жатат.

Бирок Ажардын төрү ээсиз калбаптыр. Шахтын үжүрөсүнүн артындагы өрүктүн көлөкөсүнө тигилген чатырда Абдул Хусеин жашайт. Хусеин 70терде, бирок өзү жашын так билбейт. Көзү жакшы көрбөй калган абышканын беш аялынан 10 эркек, 14 кыз баласы бар, эң кичүүсү бир жашта.

Чет элдик кабарчы менен кол алышып учурашкан соң, Хусеин Ажарга 1979-жылдан бери биринчи жолу чет элдиктер келгенин кобурады. Үй ээси ушул жерде туулуп-өскөн, падышага ондогон жылдар кызмат кылган:

- Ооба, мен ушул өрөөндө туулдум. Улуттун атасына 17-18 жашымдан тартып кызмат кылдым.

Захир шахтын аң уулаган жерлерди анын көзөмөлүнө бергенин күбөлөндүргөн кагазын Хусеин чырактын жарыгына салып, кармалап отурду. Бирок күбөлүктө эмне жазылганын окуй албайт:

– Жок, окуй албайм. Айылдык медресеге гана баргам. Окуганды, жазганды үйрөнөлү дедик. Бирок биз, каратамандар, мектепке барып, билимибизди өркүндөтө алган жокпуз.

Сабаты жоюлбаганы менен, Ажар капчыгайынын кожоюну жаштайынан аң уулап, капчыгайды коён жатагына чейин билет. Тилекке каршы бул жерлердин кунары кеткен. Жарым кылымда тургундардын саны 700гө жеткен капчыгайда малдын туягына тепселип, жайлоо такыр болгон. Жаңгак дарактары куурап турат. Алма кыйылып жок болгон. Миңдеген түп арчадан он чактысы гана калган. Жардыргыч затты жардырып балык уулап жүрүп, чаар балык тукум курут болуп баратыптыр. Дардак өрөөнүнөн алынып келинген Бактрия бугусу советтик оккупациянын мезгилинде Калашников асынган можахеддер тарабынан ылдый сүрүлүп, аягы суюлган. Тоолуу Бадахшандан алынып келинген топоздорду бийликтер 70-жылдардын аягында кырып жиберишкен. Бийик тоолордо гана тоо текелери, илбирс, карышкыр сакталып калган, бирок алар канча бар экенин билген киши жок.

Ажар капчыгайын коргоп калуу жеңил болбойт. Ооганстандын мыйзамдарында табигатты коргоого көп көңүл бурулбайт. Азыр Ажарды жана башка коруктарды чет элдик экологиялык уюмдардын жардамы менен калыбына келтирүү тууралуу айтыууда. Эгер Захир шах жана капчыгайдын тургундары кол кабыш кылса, адистер корукту изилдеп, аң уулоо аймагын аныктап, оогандыктарды табигатты коргоо иш-чараларына үйрөтүү керек болот. Ошондой эле токойлордун кыйылышына бөгөт коюу үчүн, жергиликтүү калктын отун-суу маселесин чечүү зарыл. Ошондо балким, Ооганстандын жапайы жаратылышын, анын ичинде Ажардын илбирстеринин кур дегенде бир бөлүгүн сактап калууга болот.
XS
SM
MD
LG