Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:04

Ооганстандын Кундуз вилайетинде БУУнун программасы ишке ашууда


Ооганстандын Түндүк-чыгышындагы Кундуз вилайетинде БУУнун жергиликтүү аскер бөлүктөрүнүн башчыларын куралсыздандыруу программасы иш жүзүнө ашырылууда.
Жүздөгөн адамдар курал - жарактарын өткөрүп берди. Алардын ар бирине 200 АКШ доллары, кийим - кечек, азык-түлүк жана атайын медаль берилет.
Куралсыздандыруу программасы Ооганстандын бардык аймактарында жүргүзүлөт. БУУнун маалыматы боюнча учурда оогандык талаа командирлеринин карамагында жүз миңге жакын куралдуу жоокерлер бар. Кабулдагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн командачысы генерал Гетц Глимероттун билдиришинче өлкөдө туруктуу абалды камсыз кылуу үчүн вилайеттерди тартипке келтирүү керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG