Окуя Абижан шаарында болду. ”Радио Франс Интернасьоналдын” кабарчысы Жан Элен түрмөдө жаткан жергиликтүү оппозициянын айрым өкүлдөрүнөн интервью алмакчы болуп келип, бир полицмен менен кежеңдеше кеткен. Териси жука полицмен тапанчасын сууруп алып, кабарчыны атып таштаган. Бийликтер аны дароо камакка алып, тергөө ишин ачышты.