Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

Сараево шаарында экс-президент Алия Изатбеговичтин таажиясы болуп өттү


Босниялык мусулмандардын мурдагы лидери менен миңдеген адамдар коштошкону келишти. Анын жасаты шаардагы “Шехид мезарье” деп аталган көрүстөнгө коюлду. Бул жерге Босниядагы ич ара согуш маалында курман болгон миңдеген мусулмандар көмүлгөн. Изатбеговичти мусулмандар “элдик баатыр” жана “улуттун атасы” эсептешет, сербдер болсо аны мусулман фундаменталистиндей көрөт. Бейтарап саясатчылардын баасында, Слободан Милошевич жана мындан үч жыл мурда каза болгон хорват лидери Франьо Тужман менен бирге Изатбегович Балкандагы согуштун башкы себепкери болгон. Изатбегович өткөн жекшембиде госпиталда көз жумду,ал соңку жылдары жүрөк оорусунан катуу жабыркап жүргөн.

XS
SM
MD
LG